КЕСҮҮЧҮ СТАНОК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕСҮҮЧҮ СТАНО́К – материалды атайын бөлүктөргө бөлүп же ашыкча жерин алуу үчүн арналган металл шайман. К. с-тун кесүүчү автоматтардан айырмасы төмөнкүлөр (жумушчу шайманы – кескич): эндүү бычактары бар кескич, токардык кесүүчү станок; араасы тоголок фрезалык кесүүчү станок (калыңдыгы 4–12 мм ж-а диаметри 350–1500 мм); араасы тасмалуу кесүүчү станок, о. эле, чанда колдонулуучу, тиши жок фрикциялык (сүрүлүп аракетке келүүчү) араалуу станок. Катуу металлдар электр учкундуу, ультра үндүү же лазердик иштетүүчү станоктордо кесилет.