КЕСМЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕСМЕ – жука жайылган камырдан ичке кесилип, шорпого салына турган азык ж-а андан бышырылган ысык тамак. Буудай унуна туз, кээде жумуртка кошулуп, катуу жуурулган камырды жакшылап ийлеп, ийи жеткенде саамга тыныктырып коёт. Андан кийин чактап үзүп алып, аш тактанын бетине үбөлүк м-н тегиз жу-

картып жаят. Жайылган камыр жабышпасын үчүн ун сээп, үбөлүккө ороп, кат-кат бүктөйт да, ичке кесет. К-ни силкип, супаранын бетине жайып, тоборсугандан к ий ин унун күбүп, кай-
нап жаткан сорпого салат. О. эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымалдарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кайнаган шорпого К. салынып жасалган суюк тамак да К. деп аталат. Сүткө бышырылса с ү т К., нак шорпого бышканы ш о р т е к К., кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы к ат ы к т а л г а н К., куурулганы к у у р м а К. делет. Учурда технол. жол м-н чыгарылган К-нин түрү көбөйүүдө.
Ад.: Бөрүбаев Т. Кыргыз даамы. Ф., 1984.