КЕСКЕЛДИРИКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕСКЕЛДИРИКТЕР (Sauria) – түрпүлүү сойлоо­чулар түркүмчөсү. Денеси капталынан кысың­кы же тоголок, түрдүү түстө. Териси түрпүлөр м-н капталган. Уз. 3,5 смден 4 мге (эчки эмер) жетет. Үстүңкү жаагы баш сөөгү м-н биригип өскөн. Геккондор м-н агамалардын тили жазы, эттүү, эчки эмерлердики узун, бир аз ачалан­ган, хамелеондордуку өтө узун, учу калың. Ай­рымдарынын буттары жакшы, кээ бириники начар өөрчүгөн же такыр жок. Жуп копулатив органы бар. Көпчүлүк К. куйругун кесип таш­тайт (к. Автотомия). К-дин кыйла түрү жер бетинде, кумга көмүлүп, айрымдары даракта (жерге чанда түшөт) жашайт, кээ бири учууга жөндөмдүү. К-дин 20 тукуму (геккондор, түрпү буттуулар, агамалар, эчки эмерлер, уу тиштер, хамелеондор, кадимки кескелдирик ж. б.), 4000 түрү бардык континентте (Антарктидадан баш­ка) таралган. КМШ өлкөлөрүндө 6 тукуму, 18 уруусу, 80дей түрү бар. Алар курт-кумурска, кээде майда омурткалуулар, чанда өсүмдүк м-н азык­танат. К. негизинен жумуртка тууйт, жумурт­ка тирүү ж-а тирүү туучулары да бар. Жылына 3–4 жолу 35тей жумурткасын таштайт. Айрым К-дин эти желет, терисинен түрдүү буюмдар жа­са

лат. 36 түрү ж-а түрчөсү ТКЭСтин Кызыл ки­тебине катталган.