КЕСИПТИК ЖУМУШЧУ СТАНЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕСИПТИК ЖУМУШЧУ СТА́НЦИЯ , к е с и пт и к ж у м у ш ч у с т а н ц и я с ы (англ. Professional workstation) – сандык ж-а интегралдык схеманын дизайны, арх-ралык чиймелер, тех. долбоорлоо ж-а чиймелерди иштеп чыгууда кесиптик колдонмолорду оптималдаштыруучу жогорку өндүрүмдүү жеке компьютер. К. ж. с-лар демейде чоң экрандуу, кубаттуу микропроцессорду колдонот ж-а чоң өлчөмдүү эске ээ. К. ж. c. жеке компьютерлерге караганда кымбат ж-а демейде Unix иштетүү системасынын башкаруусу м-н иштейт. Жумушчу станциялардын акыркы моделдери м-н жогорку өндүрүмдүү жеке компьютерлер арасындагы айырма барган сайын азаюуда. Себеби жеке компьютерлердин кубаттуулугу жогорулоодо.