КЕСЕК ТОЮТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕСЕК ТОЮТ – чөп өсүмдүктөрдөн даярдалган, клетчаткасы көп (25–45%) кургак тоют. Ага чөп, саман, топон, бүчүр ж. б. кирет. Мал кыш­кы тоют рационунун жарымына жакын тоют бирдигин ж-а аш болумдуу протеинди К. т-тан алат. Жаш малдын тоют сиңирүүчү органдарын өөрчүтүү үчүн аларды жаш кезинен эле К. т-ка үйрөтөт. Чөптүн аш болумдуулугу жогору. Мис., 100 кг кара беде, кашка беде, эспарцеттин ж-а кызыл от чөптөрүндө 50дөн ашык тоют бирди­ги бар. Чанактуу, кылкандуу чөптүн түрлөрү минерал заттарга, углеводдорго ж-а протеинге бай. Гумендик тоюттардан кылкандуу эгиндин саманы аш болумдуу келет. 100 кг буудай сама­нында 22, сулуунукунда 31, таруунукунда 40 тоют бирдиги бар. Күздүк эгиндерге караганда жаздык эгиндин саманы аш болумдуу келет. Саманды нымдап, минерал туздарды кошсо, мал жакшы жейт. Рациондогу К. т-тун өлчөмү мал­дын түрүнө, жашына ж-а кунардуулугуна жа­раша белгиленет.