КЕРЭЭЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:49, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕРЭЭЗ – 1) дүйнөдөн өткөн адамдын артында калган жакындарына калтырган өтүнүчү, ама­наты, кеңеши, арман-асирети, коштошуу сөзү. К. тирүүлөр тарабынан сөзсүз түрдө аткарылуу­га тийиш деп эсептелинет; 2) адамдын ал өл­гөндөн кийин өз мүлкү кандайча тескелиши керек экендиги ж-дө мыйзамда белгиленген фор­мада, жазуу түрүндө жасалган каалоо-буйругу. Ал документ милдеттүү түрдө нотариат же ага теңдештирилген мекеме-уюм тарабынан күбө­лөндүрүлүүгө тийиш.