КЕРКИРА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕ́РКИРА – Грекиядагы шаар. Керкира номунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Керкира (Корфу) а-нда жайгашкан. Калкы 25,6 миң (2008). Иония деңизиндеги порт. Эл аралык аэропорту бар. Б. з. ч. 4-к-да негизделген. 19-к-дын неоклассикалык арх-ра комплекстери м-н айырмаланат. Шаардын борб. бөлүгүндөгү о. кылымдын курулуштары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Шаар ландшафтынын эки доминантасына Эски (Пале-Фьорио) ж-а Жаңы (Нео-Фьорио) венециялык чептер кызмат кылат. Эски чепте (1550–59; учурда музей) Ыйык Георгий чиркөөсү ж. б. жайгашса, жаңысында туризм өнүгүп, Грекиянын Аскер-деңиз флоту жайгашкан. К-нын башкы аянтын-

да Ыйык Михаил ж-а Георгий ак сарайлары (1819–24), муз. павильон, монумент, чиркөөлөр, Агиа-Керкира базиликасынын урандылары ж. б. бар. Шаардын экономикасынын негизин турист бизнеси түзөт. Тамак-аш (сүт, эт, майсыр; кинкандан ликёр даярдалат), текстиль ө. ж. ишканалары ж-а самын кайнатуучу з-д иштейт. Деңизден балык кармалат. Иония унти (1824, Иония академиясы; 1985-жылдан азыркыдай аталат), музейлер (а. и. археол., карапа, банкнот ж. б.), иск-во галереясы, театрлар бар. Фестивалдар ж-а жыл сайын карнавалдар (17-к-дан) өткөрүлүп турат. Аквапарк курулган. Шаардан түштүктө Артемида дорий (б. з. ч. 6-к-дын башы) ж-а Гера храмдарынын урандылары (б. з. ч. 4-к.) ж. б. сакталган. К-дан батышта маанилүү курорт борбору Палеокастрица жайгашкан.