КЕРИМБЕКОВ Акылбек: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕРИМБЕКОВ Акылбек (10. 1. 1947-ж. т., Талас обл., Кара-Буура р-ну, Жоон-Дөбө айылы) – математик, физика-математика илимд. доктору (2003), проф. (2006), КРдин элге билим берүүсүнүн отличниги (1996). КМУнун физика-математика ф-тин бүтүргөн (1970–71), Жоон-Дөбө
орто мектебинде математика мугалими (1970), ФПИнин ил. лабор-сында (НИЛСС) кенже ил.
кызматкер (1971–72), КМУда окутуучу, улуу окутуучу ж-а доцент (1972–92), И. Арабаев атн.
КМПУда физика-математика ф-тинин деканы (1992–98), Ж. Баласагын атн. КУУда кафедра башчысы (1998–2006), 2006-жылдан КРСУда
проф. Жайылган параметрлүү системаларды оптималдуу башкаруу теориясы б-ча адис. 120дан ашуун ил. эмгектин автору.
Эмг.: Математические методы оптимального управления электромагнитными колебаниями. Б., 1997; Нелинейное оптимальное управление колебаниями в линиях передач. Б., 2008.