КАҢГҮЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАҢГҮЙ</b> , К а н г х а, К а н г д и з – | <b type='title'>КАҢГҮЙ</b> , К а н г х а, К а н г д и з – Орто Азиядагы байыркы мамлекеттик бирикме. Ал Арал деңизи, Аму- Дарыя ж-а Сыр-Дарыя, Хорезм, Ташкент, Та­лас суусуна чейинки аймактарды ээлеген. Каңгүй мам­лекетине беш дубан (Сусе, Фуме, Юени, Ги, Юегянь) карап, 600 миңдей калкы, 120 миңдей аскери болгон. Каңгүй мамлекети б. з. ч. 2-кылымда усун уруулары ж-а Даван мамлекети м-н элчилик, соода ж-а маданий байланыш түзгөн. Б. з. ч. 1- кылымдын ортосунда кытайларга каршы хунндар м-н союздашып, б. з. 1-кылымында кушандар м-н ма­милесин жөнгө салып, Каңгүй падышасы кызын <i>Ку­шан мамлекетинин</i> башчысына берген. Б. з. 1–3-кылымдарында Хорезм ж-а Ташкент аймагын Кушан мамлекетине тарттырып жиберген. Байыркы жазма булактарда б. з. 287-жылы Каңгүй элчилери Кы­тайдын Батыш Цзин, 379-жылы Эртецин, 437-жылы Вей падышалыктарына келгендиги баяндалат. Каңгүйлөр этностук жактан соңку түрк элдерине (кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан, башкыр, ногой, крым татарлары, кара калпак ж. б.) жуурулушуп кеткен. | ||
байыркы | |||
жазма булактарда б. з. 287- | |||
Ад.: <i>Бичурин Н. Я.</i> (Иакинф). Собрание сведений о | Ад.: <i>Бичурин Н. Я.</i> (Иакинф). Собрание сведений о | ||
народах, обитавших в средней Азии в древние времена. В 3-х т. А., 1998. | народах, обитавших в средней Азии в древние времена. В 3-х т. А., 1998. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
10:17, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАҢГҮЙ , К а н г х а, К а н г д и з – Орто Азиядагы байыркы мамлекеттик бирикме. Ал Арал деңизи, Аму- Дарыя ж-а Сыр-Дарыя, Хорезм, Ташкент, Талас суусуна чейинки аймактарды ээлеген. Каңгүй мамлекетине беш дубан (Сусе, Фуме, Юени, Ги, Юегянь) карап, 600 миңдей калкы, 120 миңдей аскери болгон. Каңгүй мамлекети б. з. ч. 2-кылымда усун уруулары ж-а Даван мамлекети м-н элчилик, соода ж-а маданий байланыш түзгөн. Б. з. ч. 1- кылымдын ортосунда кытайларга каршы хунндар м-н союздашып, б. з. 1-кылымында кушандар м-н мамилесин жөнгө салып, Каңгүй падышасы кызын Кушан мамлекетинин башчысына берген. Б. з. 1–3-кылымдарында Хорезм ж-а Ташкент аймагын Кушан мамлекетине тарттырып жиберген. Байыркы жазма булактарда б. з. 287-жылы Каңгүй элчилери Кытайдын Батыш Цзин, 379-жылы Эртецин, 437-жылы Вей падышалыктарына келгендиги баяндалат. Каңгүйлөр этностук жактан соңку түрк элдерине (кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан, башкыр, ногой, крым татарлары, кара калпак ж. б.) жуурулушуп кеткен.
Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. В 3-х т. А., 1998.