КЕРБЕН ТҮЗДҮГҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕРБЕН ТҮЗДҮГҮ , К а р а в а н – К ө к - Ж а р т ү з д ү г ү Алай кырка тоосунун түн. этегинде. Кадамжай р-нунун аймагында. Түндүгүнөн Дас­тар, Улуу Тоо, түштүгүнөн Гаузан тоосу, чыгы­шынан Бел-Өрүк адырлары, батышынан Ис­файрам-Сай өрөөнү м-н чектешет. Уз. 28–30 км, туурасы 16–18 км. Деңиз деңг. бийикт. 1200– 1500 м. Түздүк негизинен тегиз, чет-жакасы май­да жылга-жыбыттуу. Айрым жеринде суу же­ген ойдуңчалар кездешет. Палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринин чөкмө ж-а шилен­ди тектери м-н капталган. Климаты континент­тик. Жайы ысык (июлдун орт. темп-расы 24°С), кышы мелүүн (январдыкы –3,5°С). Жылдык жаан-чачыны 250–290 мм. К. т-ндө Абшыр м-н Исфайрам-Сай суулары каналдарга бөлүнүп ке­тет. Негизинен боз топурактуу. Шыбак-эфе­мерлүү ж-а жарым чөл талаа ландшафттары мүнөздүү. Тамеки, дан өсүмдүктөрү ж. б. эгилет. Түздүктө Кызыл-Кыя, Кербен ш., Үч-Коргон, Ку­басай кыш. жайгашкан.