КЕРБАБАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕРБАБАЕВ Берди Мурадович [3(15). 3. 1894, Түркмөн ССРи, Тежен р-ну, Коуки-Зерен айы­лы – 23. 7. 1974, Ашхабад] –

түркмөн жазуучу­су, Түркмөн ССР ИАнын академиги (1951), Түркмөнстан эл жазуучусу (1967), СССР мамл. сыйл. лауреаты (1948, 1951). Соц. Эмг. Баатыры (1969). Ле­нинград ун-тинин Чыгыш таануу ф-тин бүткөн (1928).
Чыг-лыгы 20-к-дын 20- жылдары башталган. Ал­гачкы чыгармалары – «Кыз дүйнөсү» (1927), «Адат кур­маны» (1928) поэмалары. «Чечүүчү кадам» аттуу рев-ялык-тарыхый ро­маны (СССР мамл. сыйл., 1948), «Курбан Дур­ды» (1942) повести, «Айлар» поэмасы, «Бир туу­гандар» ж-а «Махтумкули» (1943) пьесалары ж. б. чыгармалары бар. «Ак алтын өлкөсүнүн Айсолтаны» повестинин, нефтичилер турмушун сүрөттөгөн «Небит-Даг» (1957) ж-а түркмөн эли­нин көрүнүктүү революционери ж-а коомдук ишмери К. Атабаев ж-дөгү «Кереметтүү төрөл­гөн» (1965) романдарынын автору. А. С. Пуш­кин, Л. Н. Толстой, М. Горький ж. б. жазуучу­лардын чыгармаларын түркмөн тилине котор­гон. 3 Ленин ордени м-н сыйланган.