КЕПТӨӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕПТӨӨ – чылгый териден шири идиштерди жасоо ыкмасы. Тоборсуган чылгый тери жасалуучу идишке ылайыктап бычылып ж-а тигилип, оозуна тегерек алкак бекитилип, ичине жумшак топурак шыкалат да, сыртынан кол м-н чапкылап, тиешелүү түргө (мис., көнөктүн түбү жалпак, чоргосунун түбү жоонураак, учун төмөн карай ийилтип, оозу тарыраак ж-а бөйрөктүү кылып кептелип, желдеп турган көлөкөгө коюлган) келтирилген. Ал тоборсуган соң, бетине калемдей мукур учталган катуу жыгач (четин, арча, шилби ж. б.) м-н түрдүү оймо-чийме түшүрүлүп кооздолгон. Абдан кургатылып, ышталгандан кийин (3–5 сутка) урунууга жарактуу болгон.