КЕПТАШ МОЛИБДЕН КЕНЧЕСИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕПТАШ МОЛИБДЕ́Н КЕНЧЕСИ Талас обл-нун Бакай-Ата р-нунда, Кепташ суусунун баш жагында, деңиз деңг. 2450 м бийикте. 1934-жылдан бери белгилүү. 1982–87-ж. изилденип бааланган. Кенче интрузиянын үстүндөгү рифейдеги акиташ, алевролит, кумдук катмарларындагы жаракаларга жакын жайгашкан. Вольфраммолибдендүү кенче кварц-мусковит-флюорит грейзендери м-н гранат-амфибол-пироксен скарндарына топтолгон. Кенташтуу участкалардын уз. 10–200 м, калыңдыгы 0,1 мден 15–20 мге жетет. Негизги минералдары: шеелит, молибденит, пирит. Молибдендин орт. өлчөмү 0,17%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 5405,6 миң т, молибдендики 9189 т.