КЕПЛЕР ЗАКОНДОРУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕ́ПЛЕР ЗАКОНДОРУ – планеталардын кыймылынын үч закону. Аларды И. Кеплер ачкан. Б и р и н ч и з а к о н – бардык планета эллипс
б-ча кыймылдайт, анын бир фокусунда Күн жайгашкан. Э к и н ч и з а к о н – ар бир
планета Күндүн борбору аркылуу өтүүчү тегиздикте кыймылдайт, бирок планетанын радиусвектору сызган орбита секторунун аянты уба-
кытка пропорциялаш өзгөрөт. Демек, планета
Күнгө канчалык жакын болсо, ылдамдыгы
ошончо чоң. Перигелийде планетанын сызыктуу ылдамдыгы өтө чоң, афелийде өтө кичине, б. а. планетанын эллипс б-ча кыймылынын ылдамдыгы сан жагынан өзгөрөт (к. сүрөт).
Ү ч ү н ч ү з а к о н – планеталардын Күндү

айлануу убакыттарынын квадраттары алардын Күнгө чейинки орт. аралыктарынын кубдарындай катышат ж-а төмөнкүчө жазылат: 2 3 1 2 2 2 – 2 –3 1 1 , мында Т , Т – планеталардын айла-
нуу мезгили; а1, а2 – орбиталарынын чоң жарым октору. К. з. планеталардын Күнгө чейинки орт. аралыгын жылдыздык мезгил (синодикалык мезгил) м-н байланыштырат ж-а планеталардын Күнгө карата салыштырмалуу аралыгын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет, б. а. бардык планеталар чоң жарым огун Жер орбитасынын чоң жарым огунун бирдиги м-н туюнтууга жардам берет. К. з. Ньютондун тартылуу закондорунун негизинде түшүндүрүлөт.