КЕПЛЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕ́ПЛЕР Иоганн (27. 12. 1571, Вюртемберг – 15. 11. 1630, Вейльдер-Штадт, Бавария, Регенсбург) –

немис астроному ж-а математиги. Жаңы мезгилдин астрономиясын жаратуучулардын бири. Протестант мектебин бүткөндөн кийин, Тюбинген академиясынын диний семинариясын (1589), ак адеми яны (1591– 93) бүтүргөн. Грац ш-ндагы (Австрия) гимназияда математика мугалими болуп иштеген. 1596-ж. «Аалам сырлары» деген биринчи эмгегин жазган. Н. Коперниктин ишин улантуучу катары, чиркөө кызматкерлеринин куугунтугу аны Грац ш-нан кетүүгө аргасыз кылган. К. 1600-ж. Прагада атактуу астроном Т. Браге м-н иштеген, ал өлгөндөн кийин (1601) анын көп жылдык өтө так байкоолорунун материалдарын алган. Ал Прагада «Виттелого толуктоо» (1604), «Диоптрика» (1611), «Жаңы астрономия» (1609) деген эмгектерин жарыялаган. К. Планеталардын кыймыл законун ачкан. Анын биринчи эки закону «Жаңы астрономияда», 3-закону «Дүйнөнүн гармониясы» (1619) деген эмгегинде жазылган (к. Кеплер закондору). Ал түзгөн «Рудольф таблицасы» м-н ар кандай учур үчүн планетанын абалы аныкталган. Бул таблицанын негизинде эсептелген эфемериддер Чолпон, Күн диски б-ча өтө турганын (1631) алдын ала айтууга мүмкүндүк берген.
Ад.: Еремеева А. И. Выдающиеся астрономы мира. М., 1966; Белый Ю. А. И. Кеплер. М., 1971.