КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО́ – көрүү талаасы чоңойтулуп ж-а стереофон үн м-н тартылган, кеңири экранда көрсөтүлүүчү кино. К. э. к. тартуу идеясы кинематограф (кыймылдагы объектини жарык, сезгич тасмага тартуучу ж-а ал сүрөттү экранга көрсөтүүчү аппарат) ойлоп чыгарылгандан башталган. Азыркы К. э. к-лор ар түрдүү тех. системалар (анаморфот оптикалуу, узата кадрлуу, кең тасмалуу системалар) м-н тартылат. Анаморфот оптикалуу система м-н К. э. к. тартууда кино аппараты анаморфоттук объектив кийгизме м-н жабдылат да, объектинин кино кадрдагы сүрөтү горизонталь б-ча «жый-
рылат». Кинотасманын өлчөмдөрүн өзгөртпөй туруп, жактарынын катышы 1:2,55 болгон сүрөт алынат. Мындай фильмди экранда көрсөтөрдө кино көрсөткүч аппараттын объективине анаморфоттук кийгизме орнотулат да, тартылганда «жыйрылып» түшкөн сүрөт горизонталь б-ча
чоюлуп көрсөтүлөт. Экрандын туурасы 15–22 м
болот. Үндү угузуу үчүн үч каналдуу система колдонулуп, 3 же 4 топтон турган күчөтүп сүйлөгүчтөр пайдаланылат. «Синерама» системасы 1952-ж. АКШда иштелип чыккан. Бул система м-н тартылуучу ж-а көрсөтүлүүчү кинофильмдин ар бир кадры катар коюлган кино тартуучу аппарат м-н 35 ммлик үч кинотасмага айрым тартылат. Конструкциясы бири-бирине карата 48° бурч б-ча жайгаштырылат. Бул камералардагы тасма бирдей (синхрондуу) жылдырылат. Фокус ж-а диафрагма үч объективде бир убакта коюлат. Үч тасманын ар биринен позитив чыгарылат. Кинотеатрдагы атайын конструкциядагы экранга бир маалда айрым
үч позитив көрсөтүлөт. «Караш-караш» (реж.
Б. Шамшиев, 1968), «Ак илбирстин тукуму» (Т. Океев, 1984), «Теңир» (Мари де Поншеливил, АКШ м-н бирге, 2008), «Уурунун махабаты» (Э. Абдыжапаров, 2009), «Свет аке» (Актан Арым Кубат, 2010), «Аталар керээзи» (Нурбек Эген, 2007) ж. б. фильмдер кең экрандуу форматта тартылган. Кырг-нда К. э. к. «Ала-Тоо»,
«Октябрь», «Россия», «Манас» ж. б. кинотеатрларда көрсөтүлөт.