КЕҢ-СУУ ВОЛЬФРАМ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕҢ-СУУ ВОЛЬФРА́М КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак-Cуу р-нунда, Тескей Ала-Тоонун түш. капталында, Кең-Суу суусунун баш жагында, деңиз деңг. 3300–3750 м бийикте. 1985–90-ж. чалгындалып, запасы бекитилген. Кен аймагы протерозойдун аягындагы акиташ, чопо, чополуу сланец, кумдук, алевролит, конгломерат, гравелит ж-а алгачкы карбондогу интрузия жиреген кумдук, гравелит, алевролит, акиташ, сланец, конгломерат тектеринен түзүлгөн. Интрузия м-н жанаша жаткан тектер роговикке, скарноитке, скарнга айланган. Кен вольфрамдуу эки зонага
бөлүнөт. Зоналардын уз. 100–350 м, жантаюусу
б-ча 250–550 м; калыңдыгы 7 мден 150 мге чейин. Зоналардын ичинде уз. 40–250 м, жантаюусу б-ча 60–460 м, калыңдыгы 1,25–19,75 м
линза сымал кенташ тулкулары орун алган.
Вольфрам үч оксидинин орт. өлчөмү – 0,41%.
Кенташтын запасы С1+С2 категориясы б-ча 5846 миң т, вольфрамдын үч оксидинин кору (запасы) С1+С2 29,5 миң т.