КЕНЖИСАРИЕВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНЖИСАРИЕВ Марат Сарымсакович (25. 4. 1965-ж. т., Чүй обл., Токмок) – генерал-майор (2010). Минск жогорку аскердик-саясий окуу жайын (1987), КМУну (1996), РФ Аскер академиясынын жогорку акад. курсун (2008) бүткөн. 1987–88-ж. Волга бою аскер округундагы мотоаткычтар дивизиясында рота командиринин орун басары, 1988–90-ж. Аскерлердин түн. тобунун аткычтар батальонунда рота командири-

нин орун басары, 1990–
92-ж. Түркстан аскер округунун кенже адистерди даярдоочу окуу борборунун гвардиялык аткычтар полкунда рота командиринин орун басары, жардамчысы (1991-жылдан), 1992–94-ж. КР коргоо иштери б-ча мамл . к -ти нде б өлүмдүн офицери, улук офицер, 1994–97-ж. КР коргоо министрлигинде улук офицер, начальниктин орун басары-бөлүмдүн начальниги, 1997–2000-ж. Иш башкармалыгынын начальниги, 2000–01-ж. борб. аппаратында секретариаттын начальниги – коргоо министринин жардамчысы, 2001–07-ж. аскер-тех. кызматташтык башкармалыгынын начальниги, 2007–09-ж. эл аралык аскер кызматташтык башкармалыгынын начальниги, 2009–10-ж. КР коргоо министринин 1-орун басары болуп иштеген.