КЕНЖЕКАРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕНЖЕКАРА Калча уулу (1859, Чүй өрөөнү – 1929, Фрунзе) – семетейчи ж-а кыл кыякчы.
К. башка семетейчилерден «Семетей» эпосун кыл кыяктын коштоосунда айткандыгы м-н өзгө­чөлөнгөн. 1903-ж. Орус география коому кыр­гыз жергесине ил. экспедиция уюштуруп, ага сүрөтчү Б. В. Смирнов м-н этнограф-окумуштуу

А. Т. Бели нский

катышкан. Алар К-нын кыл кыяк­тын коштоосу м-н аткарган «Семетей» эпосунан «Семетей­дин Айчүрөккө үй­лөнүшүн» ж-а «Ак- Бала баатыр жө­нүндө ыр» д еген чыгарманы жазып алып, орус тилине кара сөз түрүндө к отору п жарыя­лашкан. К-нын айтканын Атайбек деген тил­меч которуп берген. Котормо 1914-ж. Москвада «Түркстан талааларында» деген ат м-н китеп бо­луп чыккан. Сүрөтчү К-дан уккан сюжет б-ча Семетей м-н Айчүрөктүн сүрөтүн тарткан ж-а семетейчинин өзүн эпостун үзүндүсүн кыл кы­яктын коштоосу м-н аткарып жаткан учурунда сүрөткө тартып алган. Китепте «Семетейди» кырк күн, кырк түн айта ала тургандыгы эс­кертилген.