КЕНДИР КУУРАЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНДИР КУУРАЙ (Abutil on Adans.) – өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар тукумундагы чөп же бадал уруусу. 100дөй түрү негизинен тропик же субтропикте таралган, а. и. теофраст (A.
theophrasti Medic) ж-а авиценна (A. avicennae Gartn.) К. к-ы көп кездешет. А в и ц е н н а
К. к-ы – бир жылдык була өсүмдүк. Жапайы
ж-а эгилме түрлөрү бар. Т е о ф р а с т К. к-ынын сабагы түз (бийикт. 3–4 м) жумуру, кыска, майда
тикен м-н капталган, өзөк тамырлуу (тамыры жерге 1 мге кирет). Жалбырагы кезектешип жайгашат. Гүлү сары, саргыч кызыл, чоң, бирден же чачы сымал топ гүлү жалбырак колтугуна чыгат. Уругу майда; 1000 уругунун салм.
14–18 г. Вегетация мезгили 100–150 күн. Күрдүү
жерде жакшы өсөт. Була алуу үчүн өстүрүлөт. Сабагында 25% була болот. Буласынан мүшөк,
аркан, жип жасалат. Уругунан 16–20% май алынып, самын, олифа, сыр даярдоодо пайдаланылат. Зыянкечтери: сабак жегич көпөлөк. Илдеттери: фузариоз, боз чирик.