КЕНДИРБАЕВА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНДИРБАЕВА Жумагүл Жумаевна (23. 1. 1949-ж. т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Талды- Суу айылы) – геология-минералогия илимд. доктору (2004), проф. (2006). ФПИни (1971) бүтүргөн. «Кыргызгипроводхоз» долбоорлоо ин-тунда инженер (1971–73), Кыргыз ССР ИА- нын Сейсмология ин-тунда инженер, ил. кызматкер (1973–90), КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы «Бейиш» элдик медицина борборунда жетектөөчү ил. кызматкер, бөлүм башчы, директордун ил. иштер б-ча орун басары (1991–2001), И. Арабаев атн. КМУнун доценти (1991), И. Раззаков атн. КТУнун проф. (2006), Ж. Баласагын атн. КУУнун проф. (2007) болуп иштеген, КРдин Саламаттык сактоонун, отличниги (1999). 150 ил. эмгектин, а. и. 2 монография, 8 патенттин автору. Ил. иштеринин негизги багыты: тоолуу аймактарда табигый шарттын өзгөрүшүнөн суу ресурстарынын тартылуу же суу каптап, топурак кыртышынын сазга айлануу проблемалары.