КЕНДИРБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНДИРБАЕВ Эшмуканбет (т. ж. б., азыркы Ысык-Көл обл. Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) – Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамл. ишмер. 1916-ж. Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга качып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаштыруу б-ча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пишпек ш-нда ревкомдун төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу обл. аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-ж. Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна байланыштуу 1926-ж. кайра туулган жерине келген. Анын демилгеси м-н Тамга кыш-нда оорукана бөлүмү, Барскон кыш-нда орто мектеп курулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932), ага а. ч. башчысынын кызматы сунуш кылынган. 1936-ж. Ташкент ш-ндагы пахта өстүрүү интунда ил. кызматкер болуп иштеген. 1937-ж. социал-туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа м-н камакка алынып, атууга буйрулган. 1961-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.