КЕМИРҮҮЧҮЛӨР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕМИРҮҮЧҮЛӨР (Rodentia) – сүт эмүүчү жа­ныбарлар түркүмү. Дене уз. 5–130 смге, салма­гы 5 кгдан 60 кгга жетет. Алдыңкы буттары 5 же 4 манжалуу, арткысы 3–4–5 манжалуу.
Ортоңку 2 жуп кашка тиши курч, чоң, дайыма өсүп турат. Катуу өсүмдүктү майдалайт. Кыл-

Кемирүүчүлөр: 1 – он­датра; 2 – кум чыч­кан; 3 – талаа чыч­каны; 4 – кадимки тыйын чычкан; 5 – кадимки аламан; 6 –чүткөр; 7 – келемиш; 8– көр чычкан; 9 –талаа сууру.

кыйма тиштери жок. К. бардык табигый ай­мактарда таралган. КМШ өлкөлөрүнүн фауна­сындагы сүт эмүүчүлөрдүн жарымынан көбүн түзүп, ар түрдүү ж-а көп санда мелүүн ж-а суб­тропик алкактардын, айрыкча кургакчыл ай­мактардын ачык жерлеринде таралган. Аяк­тарынын түзүлүшү ийин казууга, сүзүүгө, кош буттап жүрүүгө (кош аяктар), жармашууга ж-а учууга (учкуч тыйын чычкан) ыңгайлан­ган, К. – тукумчул жаныбарлар. Тиричили­гин жер үстүндө (жарганаттар, келестер ж. б.), жер астында (буроо баш, сокур момолойлор ж. б.), сууда (куну, ондатра ж. б.), даракта (ты­йын чычкан, барак куйрук чычкан ж. б.) ж-а жерде өткөрөт. Алардын ийин казуусу кыртыш пайда кылууга чоң таасир тийгизип, өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатат. Азыркы жашаган К. 3 түркүмчөгө: тыйын чычкан сымалдар (куну, келестер ж. б.), чүткөр сымалдар (дарак чүткө­рү, доңуз чычкан, суу доңузчасы ж. б.) ж-а чыч­кан сымалдар (барак куйрук чычкан, кош аяк, аламандар ж. б.) бөлүнөт. Көп түрү талаа ж-а токойлуу талаада жашайт. Көпчүлүгү өсүм­дүк, курт-кумурска, айрымдары балык м-н, кээ бири ылгабай азыктанат. Жер жүзүндө 2000дей түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 14–15 ту­куму, 150гө жакын түрү, Кырг-нда 31 түрү кез­дешет. Көпчүлүк К. адам үчүн коркунучтуу оору­лардын козгогучун алып жүрүшөт. Кээ биринин териси өтө баалуу (куну, тыйын чычкан, он­датра ж. б.).