КЕМИН ВИСМУТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕМИН ВИ́СМУТ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кемин шаарчасынан 17 км түн.-чыгышта, Таза-Кемин тоосунун батышында, деңиз деңг.
1390–1690 м бийикте. 1965-ж. табылган, 1967–
75-ж. изилденип, бааланган. Кен аймагы жогорку ордовиктеги штоктор м-н дайкалар жиреген алгачкы протерозойдун гнейс-граниттеринен түзүлгөн. Висмут минералдашуусу гнейс-граниттин гидротермден өзгөргөн (агартылган) зонасы м-н байланышып, үч зонага бөлүнөт. Зоналардын уз. 400–850 м, туурасы 30–150 м. Бул
зоналар бургулоо көзөнөгү м-н 290 м тереңдикке чейин изилденген. Зоналардын ичинде линза сымал кенташ тулкулары бар. Тулкулардын
уз. 15–53 м, калыңдыгы 1–10 м, жантаюсу б-ча
уз. 24–35 м. Негизги минералдары: кварц, висмутин, бисмит, пирит, галенит, халькопирит. Висмуттун өлчөмү 0,03–0,147%. Висмуттан башка алтын – 5,0 г/т, коргошун – 3,24%, күмүш – 300 г/т, жез – 1,13%, цинк – 0,1% кездешет.
Кенташтын запасы: С1 категориясы б-ча 52,3
– 2417,3 миң т, болжолдуу ресурсу – 3533,8 миң т. Висмуттун запасы: С – 77 т, С –
1402 т, болжолдуу ресурсу 1837,2 т.