КЕМЕ КУРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕМЕ КУРУУ – оор ө. ж-дын бардык типтеги кемелерди куруучу ж-а оңдоочу тармагы. К. к. алгач байыркы египеттиктерге таандык. Анда кеменин сыртын, б. а. жээгин тактай м-н жы­гач тыгын аркылуу кынап бекитишкен. Мын­дай констр. болжол м-н 6-к-га чейин колдону­луп келген. 10-к-да К. к. алгач тулкусун (карка­сын) тургузуу м-н ага тактайды кынап беки­тип, сырткы бетин жасоо ыкмасы тараган. Бул ыкма бара-бара чоң кемелерди курууга алып келген. 16-к-да атайын К. к. арх-расы пайда бол­гон. Темир тулкуга өтүү ж-а буу машинасынын


Кеме куруучу завод. Түштүк Корея.


ойлоп табылышы К. к-да олуттуу өзгөрүүлөргө алып келди. Чоң кемелердин пайда болушу м-н К. к-нун констр-сы татаалданып, электр м-н ши­ретүү анын жумушун өтө тездетти. 19-к-дын аягынан тарта К. к. ө. ж-нда бир катар жаңы техникалар колдонулуп, технол. жаңы ыкма­ларды киргизүү м-н негизги иштер механика­лаштырылган ж-а автоматташтырылган.