КЕМЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕМЕ – 1) сууда, суу астында сүзө ала турган ж-а жүк, жүргүнчү ташууга, түрдүү жумуштар­ды (атайын тех., ил., балык уулоо, о. эле аскер иштерин) аткарууга арналган транспорт. 16–17- к-да түз парустуу ж-а үч же төрт мачталуу ка­йыктарды «К.» деп аташкан. Алгачкы суу транс­порту катары болжол м-н 60 миң жыл мурда байыркы австралиялыктар каноэ ж-а плот деп аталган түрүн колдонушкан. 19-к-дын ортосуна чейин негизинен калактуу ж-а парустуу К-лер кеңири колдонулуп келген ж-а алар пароход м-н моторлуу (дизелдик) К-лерге алмаштырыл­ган. Сүзүү мүнөзү б-ча өзү жүрүүчү (теплоход, па-

Жүк ташуучу «Андерсон Тайд» кемеси.
«FEDERAL ELBE» балкери.

роход, электроход, атомоход) ж-а өзү жүрбөөчү (чиркелүүчү, парустуу, калактуу), сууга салыш­тырмалуу абалы б-ча суу үстүндөгү ж-а суу ас­тындагы К., о. эле жарандык ж-а аскердик бо­луп бөлүнөт. Жарандык К-лер транспорт, кесип­тик, атайын кызмат аткаруучу, тех. максатка арналган ж-а спорттук (катер, яхта, байдарка ж. б.) болуп айырмаланат. Транспорт К-лери жүр­гүнчүлөрдү ж-а ар кандай жүктөрдү ташыйт. Ке­сипчилик К. балык ж-а кит уулоочу болуп бөлүнөт. Атайын кызмат аткаруучу К-лерге муз жаргыч, сүйрөгүч, куткаргыч, өрт өчүргүч, сүзүп жүрүүчү кран кирет. Тех. максаттагы К-лер суу жолун тереңдетүү, курулуш материалдарын (кум, шагыл) даярдоо жу­муштарын аткарат. Эң чоң К-лер – танкерлер (уз. 350 мден ашуун, жүк көтөрүмдүүлүгү 500 миң тдан оор, 1981); 2) чоң самолёт, дирижабль (аба К-лери), космоско учуучу түрдүү конструкция­дагы аппарат (к. Космос кемеси).