КЕЛИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕЛИН , к е л и н а л у у – 1) уулунун же инисинин аялы; жалпы эле өзүнөн кичүү туугандарынын (инилеринин) аялы, келинчеги; 2) турмушка жаңы чыккан келинчек. К. алуу атайын каада, жөрөлгөлөр м-н коштолот. К. келгенде үйдөгүлөр сыртка чыгып, ун, дан, боорсок, таттуулардан чачыла чачышып, К-дин оозуна май салышкан. Үйгө К-ди абышкасы кайтыш болбогон, очор-бачар, нускалуу байбиче баштап кирет. К. босогону аттаганда үйгө жүгүнүп кирет, отко май тамызылат. Бул К-дин баскан жолу жакшы болсун деген тилек, каалоо. Андан кийин кайын энеси (же башка аял) К-ге ак жоолук салат. Күйөөсү жок аял К-ге жоолук салбайт.