КЕЙП-ЙОРК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕЙП-ЙОРК – Австралиянын түн.-чыгышындагы жарым арал. Коралл (Шуру) деңизи м-н Карпентария булуңунун аралыгында. Аянты 300 миң км2. Түндүктөн түштүктү карай 600 кмге созулат, жазылыгы 200 кмге чейин. Түндүгүндө
Австралиянын эң түн. чекити – Йорк тумшугу
жайгашкан. Жеринин бети негизинен түздүктүү;
чыгыш бөлүгүндө Мак-Илрейт кырка тоосу жайгашкан (эң бийик жери 685 м, Картер чокусу).
Негизги дарыялары – Уэнлак, Арчер. Боксит
кени казылып алынат (Уэйпада). Эвкалипт токою, чыгышында дайыма жашыл нымдуу ж-а тропик токою басымдуу. Жардин-Ривер, Арчер-Бенд улуттук парктары бар. Жээгинде Порт-
Стьюарт порту жайгашкан.