КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕДРЛҮҮ ӨРӨӨН КОРУГУ Приморье крайын­да, Амур булуңунун батыш жээгинде. Аянты 179 км2. 1916-ж. уникалдуу токой массивин коргоо максатында корукча катары уюшулган. 1934-жылдан СССР ИАнын Ы. Чыгыш филиа­лына өткөн; учурда Россиянын ИАнын Ы. Чы­гыш мекемеси; 1964-жылдан Биология-топурак ин-тунун курамында. 2004-ж. ЮНЕСКОнун био­сфералык резерват статусун алган. Кедрлүү суу­сунун алабында Чыгыш-Манжур тоолорунун капталынан (бийикт. 700 м) орун алган. Табия­ты кооз, аскалуу, кууш кырка тоолор, шаңшаар сымал өрөөндөр, шаркыратмалар мүнөздүү. Ко­руктун 70%и ийне-жазы жалбырактуу ж-а жазы жалбырактуу токой. Токой аянтынын 10%ке жакынын көк карагай ээлейт. Ал реликт каралжын же бүтүн жалбырактуу көк карагай, моңгол эмени, ак чечек, зараң, кайың ж. б-дан

Кедрлүү өрөөн.

турат. О. эле аян карагайы, корей кедринен тур­ган көк карагай-жазы жалбырактуу токойдун чакан массивдери кездешет. Коруктун аймагын­да эңилчектин 80ден, мамык чөптүн 140тан, түтүктүү өсүмдүктүн 860тан, о. эле калпактуу козу карындын 540тан ашык түрү бар. РСФСР-дин Кызыл китебине өсүмдүктөрдүн 11, сүт эмүүчүлөрдүн 50, канаттуулардын 200гө жакы­ны а. и. күкүктүн 5, тоңкулдактын 7, жерде­сууда жашоочулардын 8, сойлоочулардын 8 түрү киргизилген. Ал эми Россиянын Кызыл ките­бине – амур жолборсу, кабылан, уссурия чаар бугусу, кара жору, кабырчыктуу арам өрдөк, япон эчки маарагы, карчыгалуу жаман сары ж. б. кирген.