КЕГЕТИ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕГЕТИ ӨРӨӨНҮ Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында. Уз. 35 км, таманынын жазы жери (Чүй өрөөнүнө чыга бериште) 3–4 км, кууш жери (ортоңку бөлүгүндө) 400–600 м. Өрөөндүн ооз (түн.) тарабы деңиз деңг. 1400 м, төрү 3600 м бийикте жайгашкан. Эрозиялык ж-а денудациялык процесстерден пайда болгон. Көп бөлүгү V сымал. Таманында төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тоо тектери жокко эсе. К. ө-нүн ландшафтына бийиктик зоналуулук мүнөздүү. Анда талаа ж-а шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа, бадал аралаш субальп, альп шалбаасы мүнөздүү. Бийик чөптүү шалбаа аралаш өскөн карагай токою, аскалуу тоо беттери өрөөндүн табиятына өзгөчө кооздук берип турат. Баш жагында көл ж-а шаркыратма бар. Кегети аркылуу Чүй өрөөнү м-н Кочкор ойдуңуна мал ашырылат.