КВЕДЛИНБУРГ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВЕ́ДЛИНБУРГ – Германиядагы шаар. Саксония-Анхальт жеринин курамында. Гарц тоосунун түн. этегинде, Боде д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 22 миң (2008). Шаар 922-жылдан эскерилет. Чиркөөлөр, ратуша, шаардын эски бөлүгүндө модерн стилиндеги үйлөр сакталган. Роман стилиндеги Штифтскирхе сепили ж-а шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаардын экономикасынын негизин туризм түзөт. Үрөнчүлүктүн ж-а жашылча селекциясынын, гүл өстүрүүнүн ири борбору. Музейлер, жазуучу Ф. Г. Клопштоктун үймузейи, ИИИлер ж. б. бар. Металл иштетүү,

прокат өндүрүшү, фармацевтика,, жыгаччылык, тамак-аш – татымал ө. ж. ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн.