КВАНТТЫК ХИМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КВАНТТЫК ХИ́МИЯ – хим. реакцияларда би­рикмелердин түзүлүшүн, касиетин, алардын бири-бири м-н болгон аракетин ж-а айлануусун кванттык механиканын көз карашынын ж-а анын ыкмаларынын негизинде кароочу химия­нын теор. бөлүгү. Ал хим. байланыштардын та­бияты, валенттүүлүк, молекулалардын электрон­дук түзүлүшү ж-дөгү окууну камтуу м-н, моле­кулалардын спектрскопиялык, электрдик, маг­ниттик касиеттери, алардын өз ара аракеттенүү күчүн, реакцияга кирүү жөндөмдүүлүгүн квант­тык механиканын ыкмаларынын негизинде тү­шүндүрөт. Кванттык механикада атом-мол. сис­теманын касиетин Шрёдингер теңдемеси, Пау­ли принциби ж-а универсалдуу физ. туруктуу­луктардын негизинде эсептөөгө болот. Бул тең­деме көп электрондуу системалар үчүн так чык­пайт. Мындай системалар үчүн жакындашты­рылган ыкмалар – валенттик байланыш ж-а молекул. орбитал ыкмалары пайдаланылат. Объектинин татаалдыгына, изилдөөнүн макса­тына жараша эмпириялык эмес же андан да жөнөкөй жарым эмпириялык эсептөө ыкмала­ры колдонулат. Эмпириялык эмес ыкмалар ар­кылуу системадагы ядролордун ж-а электрон­дордун саны, о. эле ядролордун заряддары ж-а фундаменталдык турактуулардын маанилери берилет. Жарым эмпириялык ыкмаларда, ко­шумча түрүндө, эсептөөгө кирүүчү айрым чоң­дуктардын маанилери тажрыйбадан алынат. Молекуланын электрондук түзүлүшүнүн анали­зи, хим. байланыштын ар кандай түрлөрүн, классикалык хим. түзүлүш теориясынын ж-а хим. кинетиканын көпчүлүк түшүнүктөрүн тал­куулоого мүмкүндүк берди. К. х-нын негизинде молекуланын электрондук спектрлеринин жуту­лушу ж-а люминесценциянын теориялары, фо­тоэлектрондук ж-а рентгенэлектрондук спектр­лер теориялары иштелип чыккан. Молекулалар­дын электрдик ж-а магниттик касиеттеринин кванттык теориясы химияга изилдөөнүн физ. методдорун жайылтууга көмөк берди ж-а таж­рыйбалык натыйжаларды талкуулоону бир кыйла жеңилдетти. К. х-нын ыкмалары мол. биологияда, биол. мембраналардын моделдерин эсептөөдө, булчуңдардын иштешин моделдөөдө ж. б. колдонулат.


Ад.: Степанов Н. Ф. Квантовая механика и кван­товая химия. М., 2001; Майор И. Избранные главы квантовой химии. Доказательства теорем и вывод формул. М., 2006.