КВАНЖУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАНЖУ́ – Корей Респ-нын түш.-батышындагы шаар. Йонсанган түздүгүндө, Сеулдан 320 км түштүктө жайгашкан. 1986-жылдан шаар айланасы м-н провинциянын деңгээлиндеги статуска ээ. Калкы 1,3 млн (2008; шаар айланасы м-н 1,6 млн). Жолдор тоому. Метрополитен (2004) иштейт. Алгач Корё мамлекетин негиздеген король Ван Гон бийлеген мезгилде 940-ж.
эскерилген. 1948–2005-ж. Чолла-Намдо провинциясынын адм. борбору болгон. Шаар агломерациясынын чыгыш бөлүгүн Мудынсан паркы ээлейт. Анын этегинде будда храмдары жайгашкан. К. өлкөнүн ири ө. ж. борбору. «Kia Motors» компаниясынын автомобиль з-ду (жылына 350 миң), аккумулятор батареялары, электроника приборлорун ж-а алардын компоненттерин өндүрүүчү, текстиль (кебез-кездеме), тамак-аш (а. ч. азыктарын белендейт ж-а сактайт)
ө. ж. ишканалары иштейт. Тогуз ЖОЖ (а. и.
улуттук, пед. ж-а жеке менчик), музейлер (а. и. улуттук, көркөм ж. б.), мемориалдык парк бар. А. ч-луу аймактын ири борбору. Шалы, курма өстүрүү, жүзүмчүлүк өнүккөн. Шаардан 50 км түн.-батышта «Йонгван» АЭСи (Азиядагы эң ири; кубаттуулугу 5900 МВт) курулган.