КВАЛИФИКАЦИЯ (мыйзамдуу белгилер менен аныктоо): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КВАЛИФИКА́ЦИЯ – коомго каршы келген кор­кунучтуу жосундун белгилерин мыйзамда ка­ралган кылмыш белгилери м-н аныктоо. Жаза кодексинин теориясында К. расмий (легалдуу) ж-а расмий эмес (доктриналык) түргө бөлүнөт. Расмий К-ны жаза кодексинин чегинде жаза иштери б-ча тергөөчү, прокурор, судья (сот), ал эми расмий эмес К-ны бардык жарандар жүргүзө алат. Буга гезит, журнал ж-а китепте келти­рилген кылмыштар кирип, ал адамдын укук­тук көз карашын, оюн билдирет ж-а юрид. күчкө ээ болбойт. Коомго коркунуч туудурган жосун­ду К-лоодо жаза кодексинин статья, бөлүм пункттары толук көрсөтүлүшү керек. Эгер кыл­мышка шериктеш болуу м-н аткарылып же аягына жетпеген кылмыш болсо, жаза кодек­синде каралган башка статьяларында көрсө­түлөт.

К. А. Бодобаев.