КВАДРАТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАДРА́Т (лат. quadrаtus – төрт бурчтук, чарчы) – 1) тең жактуу тик бурчтук. К-ты бурчтары тик ромб же бардык бурчтары ж-а жакта-
ры барабар параллелограмм деп да аныктоого болот. Мындан, К. параллелограммдын, төрт бурчтуктун ж-а ромбдун бардык касиеттерине ээ экендиги келип чыгат. К-тын диагоналдары өз ара перпендикуляр ж-а барабар болуп, кесилиш чекитинде тең экиге бөлүнөт. К. төрт симметрия огуна ж-а бир симметрия борборуна ээ. b К-ка сырттан ж-а ичтен айлана сызууга болот.
К. анын жагы же диагоналы аркылуу түзүлөт.
Пифагор мектебинде К. анын диагоналдары ар-
1 2 1 2 кылуу өлчөнбөй тургандыгы табылган, б. а. эгер а=1 болсо, анда d= 2 болот, мында а – жагы, d – диагоналы. Каалаган К-та: 1) LA=LB=LС= =LD=90°=n/2; 2) d ‒l‒ d ; 3) d=a 2; 4) S=a2=d2/2; 5) r=a/2; 6) R=d/2; 7) S=4r2, мында S – аянт, r – ичтен сызылган ж-а R – сырттан сызылган айлананын радиусу; 2) эки бирдей көбөйүүчүлөрдүн көбөйтүндүсү же сандын, туюнтманын экинчи даражасы да К. болуп эсептелет. 2 1 2