КАШКА-СУУ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КАШКА-СУУ КӨРҮСТӨНҮ – мезолит (б. з. ч. 12–7-миң жылдык) ж-а неолит (б. з. ч. 7–4-миң жылдык) доорлоруна таандык археол. эстелик. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Ара-Бел суусунун сол тарабында жайгашкан. 1997-ж. КУУнун архео­логия ж-а этнология кафедрасынын археолог­дору казып, изилдеген. Казуу убагында боюнун уз. 1,92 м келген жоокердин сөөгү, сөөктөн жа­салган камчы сап, ээрдин калдыгы, малдын омурткасынан жасалган басмайылдын тогоосу, таш куралдар, бычак, кыргыч, курал жасоочу таш чабындылар, жука, кичине нуклеус, чопо идиштер, о. эле б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченине таандык сабы сөөк мед. аспап сымал буюм табылган.