КАШКАР ТҮЗДҮГҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КАШКАР ТҮЗДҮГҮ , Т а р и м т ү з д ү г ү Батыш Кытайда, Теңир-Тоо, Памир, Куньлунь ж-а Бэйшань тоолору курчап турат. Уз. батыш­тан чыгышка 1200 км, туурасы 500 км, бийикт. чыгышта 780 м (Лобнор көлүнө жакын), батыш­та 1500 м. К. т-нүн басымдуу бөлүгүн Такла- Макан кумдуу чөлү ээлейт. Тоо этектерин бой­лой шагыл ж-а кум-топурактуу чөкмөлөрдөн турган айдөөш делювий шилендилери жатат. Оёңдордо шор жерлер кездешет. Климаты мелүүн (жылуу, кескин континенттик, чөлдүү). Жайы ысык (июлдун орт. темп-расы 25–26°Сге чейин), кышы кыска, аяздуу –20°С, карсыз. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден аз, көбүнчө жайында жаайт. Ири дарыялары: Тарим, Хотан, Каш­кар, Ак-Суу, Кончедарыя. Эң ири көлү – Лоб­нор (Тарим ж-а Кончедарыя төмөнкү агымда­рында нуктарын өзгөрткөндүктөн, көл орун ко­торуп турат). Чөл ландшафты үстөмдүк кылат. Дарыя өрөөндөрүндө тал, терек, бадалдар өсөт. Оазистерде ж-а тоо этектериндеги түздүктөрдө дый к анчыл ык ж-а жеми ш б агын ө ст үрү ү өнүккөн. К. т-ндө Кашкар, Ак-Суу, Жаркент (Яркент) ш. жайгашкан.