КАПЧЫГАЙ (тик, кууш, терең өрөөн): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:52, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАПЧЫГАЙ – тоолордогу капталдары тик, кууш, терең өрөөн. Негизинен тереңдиги туура­сынан ашык болот. Чулу катуу тоо тектерде ж-а лёсстордо пайда болот. Көбүнчө тоолордо кез­дешет, V сымал формага ээ. Тереңдиги бир нече ондогон же жүздөгөн мден 1 кмге чейин ж-а андан да ашык болот. Эрозиялык капчыгай м-н кошо тектоникалык (жер кыртышынын жаракаларынан пайда болот) ж-а карсттык капчыгай да кездешет. Кыргызстандагы ири капчыгай: Боом, Көкөмерен, Төмөнкү Нарын, Кара-Балта ж. б. Айрым капчыгайларга ири

Ала-Арча капчыгайындагы Ала-Арча суусунун ор­тоңку бөлүгү.

ГЭСтер курулган; мисалы, Төмөнкү Нарын ж. б. Өтө кууш ж-а тереңдери шаңшаар деп аталат. Рельефтин мындай формаларына байланыштуу пайда болгон топонимдер Кыргызстандын аймагында арбын кездешет. Мисалы, Баткен ж-а Ноокат райондорундагы кыштак, Кемин районундагы корук­ча, Түштүк Теңир-Тоодогу өрөөн ж. б.