КАПОЭЙРА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
|
(Айырма жок)
| |
08:57, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАПОЭЙРА – бразилиялыктардын эрежесиз таймаш өнөрлөрүнүн түрү. Капоэйрада татаал акробатикалык ж-а алдамчы кыймыл, буйтоо, каршылашын байкатпай чалуу, ага күтүлбөгөн сокку уруу ж. б. ыкмалар колдонулат. Капоэйра 1500-жылдардан белгилүү. 1888-жылы Бразилияда кулчулук жоюлгандан кийин капоэйра улуттук спорт түрүнө айланып, 1937-жылы улуттук спорт конфедерациясынан расмий укукка ээ болгон. Капоэйра боюнча алгачкы мектеп Сальвадор шаарында капоэйра чебери Бимба (Мануэль дос Рейс Мачадо, 1900–1974) тарабынан негизделген. 1950-жылдан капоэйра боюнча расмий мелдештер спорт сүйүүчүлөр м-н профессионалдар арасында өткөрүлөт. Дүйнөлүк чемпионат Бразилияда өтөт. 1990-жылдардын ортосунан АКШда ж. б. өлкөлөрдө өткөрүлүүчү эрежесиз мушташтарда Грейси кланынын чеберлери (бразилиялык жиужицуну ж-а валетюдону жайылткандар) жеңишке жетишкенден баштап, капоэйра дүйнөгө кеңири кулач жайган. Азыр капоэйра дүйнө боюнча 60тан ашык өлкөдө өөрчүүдө. Кыргызстанда капоэйрага окшош эрежесиз мушташ түрлөрүнүн бири валетюдо (көчө мушташы) кеңири кулач жайып, атактуу спортчулар (Алмаз Акун ж. б.) бар.
Ад.: История боевых искусств. От нового света до Черного континента. М., 1997; Гагонин А. С., Гагонин С. Г. Психотехника рукопашной схватки. СПб., 1999.
Б. Үсөнканов.