ДЕКАН БӨКСӨ ТООСУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕКА́Н БӨКСӨ ТООСУ''' , Д е к а н (санскритче дакшина – ''түштүк'') Индстан жарым аралынын ички бөлүгүн ээлейт; Индияда. Батыш | '''ДЕКА́Н БӨКСӨ ТООСУ''' , Д е к а н (санскритче дакшина – ''түштүк'') Индстан жарым аралынын ички бөлүгүн ээлейт; Индияда. Батыш жана Чыгыш Гат тоолору менен чектешет. Аянты 1 млн ''км''<sup>2</sup>дей. Чыгышка карай 600–900 ''м''ден 300–500 ''м''ге че­йин жапыздаган тектирлүү түздүктөр басымдуу; ал түздүктөрдөн жетим тоолор жана дөбө-дөӊсөөлөр көтөрүлүп турат. Түндүк-батышына супа сымал тоолуу-тепкичтүү структуралык-денуда­циялык рельеф мүнөздүү. Геологиялык жактан Декан бөксө тоосу Индия платформасынын бир бөлүгү; ал негизи­нен архей менен протерозойдун гнейс кристаллдык сланец, кварцит тоо тектеринен түзүлүп, алар­ды гранит интрузиялары жиреп чыккан. Ай­магынын 52 миӊ ''км''<sup>2 </sup>жерин (негизинен түндүк-ба­тышын) үбөлөндү латерит кыртышы жана ка­лыӊдыгы 1500–2000 ''м''ге жеткен, бор мезгили­нин аягында жана эоценде пайда болгон базальт катмары (''трапп'') жаап жатат. Климаты субэк­ватордук, муссондук. Ноябрдан мартка чейин серүүн кургакчыл, марттан майга чейин ысык кургакчыл, майдан ноябрга чейин ысык жаан­чыл климат өкүм сүрөт. Жылдык жаан-чачы­ны 500–700 ''мм'', тоолордун айдарым капталда­рында 2500–3000 ''мм'' (көбү жайында жаайт). Майдын (эӊ жылуу айы) майдын орточо температурасы 29–32°С, январдыкы 21–24°С. Ири дарыялары: Нарбада, Маханади, Годавари, Кришна, Каве­ри; негизинен сугатка пайдаланылат. Айдарым капталдарда жалбырагы күбүлмө муссон токою, борбордук бөлүгүндө саванна жана сейрек токой, жаан­-чачындан ыктоо калган Батыш Гат тоолорунда чөлдөшкөн саванна үстөмдүк кылат. Көп бөлүгү (аймагынын 60%) айдоо (дан эгиндери, пахта ж. б.). Ири шаарлары: Бенгалуру, Пуна, Хай­дарабат. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
09:18, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДЕКА́Н БӨКСӨ ТООСУ , Д е к а н (санскритче дакшина – түштүк) Индстан жарым аралынын ички бөлүгүн ээлейт; Индияда. Батыш жана Чыгыш Гат тоолору менен чектешет. Аянты 1 млн км2дей. Чыгышка карай 600–900 мден 300–500 мге чейин жапыздаган тектирлүү түздүктөр басымдуу; ал түздүктөрдөн жетим тоолор жана дөбө-дөӊсөөлөр көтөрүлүп турат. Түндүк-батышына супа сымал тоолуу-тепкичтүү структуралык-денудациялык рельеф мүнөздүү. Геологиялык жактан Декан бөксө тоосу Индия платформасынын бир бөлүгү; ал негизинен архей менен протерозойдун гнейс кристаллдык сланец, кварцит тоо тектеринен түзүлүп, аларды гранит интрузиялары жиреп чыккан. Аймагынын 52 миӊ км2 жерин (негизинен түндүк-батышын) үбөлөндү латерит кыртышы жана калыӊдыгы 1500–2000 мге жеткен, бор мезгилинин аягында жана эоценде пайда болгон базальт катмары (трапп) жаап жатат. Климаты субэкватордук, муссондук. Ноябрдан мартка чейин серүүн кургакчыл, марттан майга чейин ысык кургакчыл, майдан ноябрга чейин ысык жаанчыл климат өкүм сүрөт. Жылдык жаан-чачыны 500–700 мм, тоолордун айдарым капталдарында 2500–3000 мм (көбү жайында жаайт). Майдын (эӊ жылуу айы) майдын орточо температурасы 29–32°С, январдыкы 21–24°С. Ири дарыялары: Нарбада, Маханади, Годавари, Кришна, Кавери; негизинен сугатка пайдаланылат. Айдарым капталдарда жалбырагы күбүлмө муссон токою, борбордук бөлүгүндө саванна жана сейрек токой, жаан-чачындан ыктоо калган Батыш Гат тоолорунда чөлдөшкөн саванна үстөмдүк кылат. Көп бөлүгү (аймагынын 60%) айдоо (дан эгиндери, пахта ж. б.). Ири шаарлары: Бенгалуру, Пуна, Хайдарабат.