КАНСЫЗ СОГУШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНСЫЗ СОГУШ</b> – дүйнөлүк согуштан кийин | <b type='title'>КАНСЫЗ СОГУШ</b> – дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон термин. СССР ж-а башка социалисттик өл­көлөр м-н АКШ ж-а анын союздаштарынын ортосундагы согуштук-саясий конфронтация. <i>Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45)</i> Германия, Италия ж-а Япониянын жеңилиши м-н дүйнөдө­гү саясий абал кайрадан өзгөрүп, күчтүү эки дер­жава (СССР, АКШ) түзүлгөн. Алардын жеке көз карашы өз алдынча саясий догмага айланып, бул учур курал-жаракты түз пайдаланбай, башкача айтканда бири-бирине каршы турган согуштук-саясий блок, стратегиялык-согуш базаларын ж-а плацдармдарды түзүү, түрдүү экономикалык кысымдарды (эм­барго, экономикалык блокада) кеңири колдонуу м-н мү­нөздөлгөн. Кансыз согуш <i>Октябрь революциясынан (1917)</i> кийин Советтер Союзунда марксизм-ленинизм­дик идеологияга басым жасалышына байланыш­туу эки системанын (к. <i>Капитализм, Социа­лизм</i>) карама-каршылыгы күчөп, акыры про­летариаттын жардамы м-н социализм жеңет ж-а коммунизм орнойт деген илимий көз караш ар­кылуу калыптанган. 1945-жылдан кийин дүйнө­дөгү көп полюстуу өнүгүү эки гана полюстуу (би­полярдык) өнүгүүгө өтүп, өзгөчө 1947-жылы <i>У. Чер­чиллдин</i> Фултондогу (АКШ) сүйлөгөн сөзүнөн кийин мындай тирешүү өзүнүн эң жогорку дең­гээлине жеткен. Ал эми дүйнөдө с<i>оциалист­тик лагердин</i> түзүлүшүнө байланыштуу ядро­лук (АКШда 1945-жыл, СССРде 1949-жыл), водо­роддук бомбаларды (АКШда 1952-жыл, СССРде 1953-жыл) сыноо ж. б. жаңы согуштук куралды өнүктүрүү күч алган. АКШ Түндүк Атлантика со­гуш блогун (НАТО), СССР Экономикалык өз ара жардам­дашуу кеңешин (СЭВ) ж-а Варшава келишимин түзгөн. Мындай тирешүүлөр Германиянын ГДР м-н ГФРге (1949) ж-а Кореянын Түндүк, Түштүк бо­луп бөлүнүшүнө (1953) алып келген. 1960-жыл­дардын аягында Чыгыш Европада СССРдин үстөмдүгүнүн бекемделиши ж-а АКШнын Вьет­намга ийгиликсиз интервенциясы, Кытай м-н СССРдин ортосундагы коммунисттик идеология­дагы келишпестик ж-а к<i>ошулбоо кыймылынын</i> түзүлүшү, 1960-жылдарда кансыз согуштун курчтугун азайткан. Эки өлкөдө тең салмактуу (паритет) абал түзүлүп, саясий мамилелер да өзгөрө баш­таган. Эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшырышына байланыштуу атмосферада, кос­мосто ж-а сууда ядролук куралды сыноого тыюу салуу (1963), аны таратпоо келишимдери (1968) түзүлгөн. 1970-жылы АКШ м-н СССРдин ортосунда стратегиялык куралданууну чектөө (ОСВ-1, ОСВ-2) ж-а ракетага каршы коргонуу (ПРО) ке­лишимдерине кол коюлган. Бирок 1979-жылы СССРдин Афганстанга аскерин киргизиши ж-а АКШнын ОСВ-2 келишимин ратификациялоо­дон баш тартышы м-н эки мамлекеттин мами­леси начарлап, кансыз согуштун күчөшүнө түрткү бол­гон. 1980-жылдардагы Советтер Союзундагы кай­ра куруу, айкындуулук, куралсыздандыруу (ку­ралданууну контролго алуу) боюнча сүйлөшүүлөр, 1989-жылы советтик аскерлердин Афганстандан чыгышы, социалисттик лагердеги, кийин СССРдеги саясий-экономикалык кризистер, Варшава келишиминин таркатылы­шы (1990), Германиянын биригиши (1990) Чы­гыш-Батыш мамилелеринин жөнгө салынышы­на шарт түзгөн. Натыйжада Чыгыш м-н Батыш­тын ортосундагы эл аралык мамиленин курчу­шун күчөтө турган экономикалык, илимий-техникалык шарттар не­гизги ролун жоготкондуктан, 80-жылдардын аягында – 90-жылдардын башында мурдагы социалисттик системадагы көптөгөн өлкөлөр демократиялык негизде кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу кансыз согуш токто­гон. | ||
пайда болгон термин. СССР ж-а башка | |||
карашы өз алдынча саясий догмага айланып, бул учур курал-жаракты түз пайдаланбай, | |||
өнүктүрүү күч алган. АКШ | |||
үстөмдүгүнүн бекемделиши ж-а АКШнын Вьет­намга ийгиликсиз интервенциясы, Кытай м-н СССРдин ортосундагы коммунисттик идеология­дагы келишпестик ж-а <i> | |||
аягында – 90-жылдардын башында мурдагы | |||
системадагы көптөгөн өлкөлөр | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
05:20, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАНСЫЗ СОГУШ – дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон термин. СССР ж-а башка социалисттик өлкөлөр м-н АКШ ж-а анын союздаштарынын ортосундагы согуштук-саясий конфронтация. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) Германия, Италия ж-а Япониянын жеңилиши м-н дүйнөдөгү саясий абал кайрадан өзгөрүп, күчтүү эки держава (СССР, АКШ) түзүлгөн. Алардын жеке көз карашы өз алдынча саясий догмага айланып, бул учур курал-жаракты түз пайдаланбай, башкача айтканда бири-бирине каршы турган согуштук-саясий блок, стратегиялык-согуш базаларын ж-а плацдармдарды түзүү, түрдүү экономикалык кысымдарды (эмбарго, экономикалык блокада) кеңири колдонуу м-н мүнөздөлгөн. Кансыз согуш Октябрь революциясынан (1917) кийин Советтер Союзунда марксизм-ленинизмдик идеологияга басым жасалышына байланыштуу эки системанын (к. Капитализм, Социализм) карама-каршылыгы күчөп, акыры пролетариаттын жардамы м-н социализм жеңет ж-а коммунизм орнойт деген илимий көз караш аркылуу калыптанган. 1945-жылдан кийин дүйнөдөгү көп полюстуу өнүгүү эки гана полюстуу (биполярдык) өнүгүүгө өтүп, өзгөчө 1947-жылы У. Черчиллдин Фултондогу (АКШ) сүйлөгөн сөзүнөн кийин мындай тирешүү өзүнүн эң жогорку деңгээлине жеткен. Ал эми дүйнөдө социалисттик лагердин түзүлүшүнө байланыштуу ядролук (АКШда 1945-жыл, СССРде 1949-жыл), водороддук бомбаларды (АКШда 1952-жыл, СССРде 1953-жыл) сыноо ж. б. жаңы согуштук куралды өнүктүрүү күч алган. АКШ Түндүк Атлантика согуш блогун (НАТО), СССР Экономикалык өз ара жардамдашуу кеңешин (СЭВ) ж-а Варшава келишимин түзгөн. Мындай тирешүүлөр Германиянын ГДР м-н ГФРге (1949) ж-а Кореянын Түндүк, Түштүк болуп бөлүнүшүнө (1953) алып келген. 1960-жылдардын аягында Чыгыш Европада СССРдин үстөмдүгүнүн бекемделиши ж-а АКШнын Вьетнамга ийгиликсиз интервенциясы, Кытай м-н СССРдин ортосундагы коммунисттик идеологиядагы келишпестик ж-а кошулбоо кыймылынын түзүлүшү, 1960-жылдарда кансыз согуштун курчтугун азайткан. Эки өлкөдө тең салмактуу (паритет) абал түзүлүп, саясий мамилелер да өзгөрө баштаган. Эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшырышына байланыштуу атмосферада, космосто ж-а сууда ядролук куралды сыноого тыюу салуу (1963), аны таратпоо келишимдери (1968) түзүлгөн. 1970-жылы АКШ м-н СССРдин ортосунда стратегиялык куралданууну чектөө (ОСВ-1, ОСВ-2) ж-а ракетага каршы коргонуу (ПРО) келишимдерине кол коюлган. Бирок 1979-жылы СССРдин Афганстанга аскерин киргизиши ж-а АКШнын ОСВ-2 келишимин ратификациялоодон баш тартышы м-н эки мамлекеттин мамилеси начарлап, кансыз согуштун күчөшүнө түрткү болгон. 1980-жылдардагы Советтер Союзундагы кайра куруу, айкындуулук, куралсыздандыруу (куралданууну контролго алуу) боюнча сүйлөшүүлөр, 1989-жылы советтик аскерлердин Афганстандан чыгышы, социалисттик лагердеги, кийин СССРдеги саясий-экономикалык кризистер, Варшава келишиминин таркатылышы (1990), Германиянын биригиши (1990) Чыгыш-Батыш мамилелеринин жөнгө салынышына шарт түзгөн. Натыйжада Чыгыш м-н Батыштын ортосундагы эл аралык мамиленин курчушун күчөтө турган экономикалык, илимий-техникалык шарттар негизги ролун жоготкондуктан, 80-жылдардын аягында – 90-жылдардын башында мурдагы социалисттик системадагы көптөгөн өлкөлөр демократиялык негизде кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу кансыз согуш токтогон.