КАНИМЕТОВ Жангороз: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:16, 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАНИМЕТОВ Жангороз (30. 3. 1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Токтоян айылы) – педагог, мамлекеттик ишмер, педагогика илимдеринин док­тору (2010). КРдин II класстагы мамлекеттик кеңеш­чиси (2000). Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн отличниги (1979). СССР билим берүүсүнүн от­личниги (1987), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1995). КР Жогорку Кеңешинин үч жолку депу­таты (1995–2000–05; 2007–10). КРдин «Мугалим­дин статусу жөнүндө» мыйзамынын (2000), «Би­лим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2003), «Жал­пы орто билим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2009) автору. Москвадагы эл аралык педагоги­калык билим берүү академиясынын академиги (МАНПО, 2009). Каракол (мурдагы Пржевальск) мамлекеттик педагогикалык институтун (1971), Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (1999) бүтүргөн. Түп районундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинин (1971–79), Арал орто мектебинин (1979–84), Кайкин атындагы орто мектебинин дирек­тору (1984–87), Ак-Суу районунда элге би­лим берүү башкармалыгынын башчысы (1987– 88), Кыргыз ССРинин элге билим берүү мини­стрлигинде бөлүм башчы (1988–91), Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы (1991–97), Кыргызстандын билим берүү кызмат­керлеринин конгрессинин президенти (2004-жыл­дан), КР билим берүү ж-а илим министринин орун басары (2007), «Ысык-Көл» коомдук фон­дунун төрагасы (2001–10), КР Жогорку Кеңеши­нин парламенттик кыргыз-түрк кызматташтык тобунун жетекчиси (2007–10) болгон. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору (2010-жылдан), КРдин «Даңк» медалы м-н сыйланган (1999).

Эмг.: О молодёжи и молодёжной политике КР. Б., 1999; Основные направления демократизации образо­вания в КР. Б., 2004; Государственно-общественное управление образования в КР. Б., 2005.