КАНДИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНДИ́</b> (англ. Kandy; сингалча Маха-Нувара – | <b type='title'>КАНДИ́</b> (англ. Kandy; сингалча Маха-Нувара – «Улуу шаар») – Шри-Ланкадагы шаар. Борбордук провинциянын административдик борбору. Өлкөнүн борбордук тоо­луу бөлүгүндө, Канди платосунда, Махавели- Ганг дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 118,2 миң (2008). Король Викрамабаху III 14-кылымда не­гиздеген. 1592-жылдан Цейлон (учурда Шри- Ланка) аралынын түштүк-батышын ж-а түндүгүн пор­тугалиялыктар басып алышкандан кийин көз каранды эмес Канди сингал мамлекетинин бор­бору. 1815-жылдагы келишим м-н Британия империясынын курамына киргенден борбор ста­тусун жоготкон. Буддалардын ыйык шаарлары­нын бири. Шаардын борборунда 18 мунаралуу таш дубал (16-кылымдын аягы 17-кылымдын башы) м-н курчалган сингал салттуу архитектурасынын куру­луштары сакталган Зуба храмы (16-кылымдын аягы –18-кылым), ошондой эле Натха-Дэвале (14-кылым), Виш­ну-Дэвале (18-кылым) храмдары, Асгирия-Вихара (14–17-кылымдар), Малватта-Вихара (16–18-кылымдар) будда мо­настырлары, Ыйык Павел собору. Шаардын бор­бору <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кир­гизилген. Кандиден 5 <i>км</i> Пераденияда Азиядагы эң ири Король ботаникалык багы (1821; бөлмө өсүмдүк­төрүнүн 750 түрү ж. б.) бар. Кандигеге жакын Хинда­гала үңкүрүндө 5–7-кылымдарга таандык жазуулар бар. Кустардык кол өнөрчүлүк ж-а туризм өнүккөн. | ||
«Улуу шаар») – Шри-Ланкадагы шаар. | |||
провинциянын | |||
аягы –18- | |||
Кустардык кол өнөрчүлүк ж-а туризм өнүккөн. | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
05:44, 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАНДИ́ (англ. Kandy; сингалча Маха-Нувара – «Улуу шаар») – Шри-Ланкадагы шаар. Борбордук провинциянын административдик борбору. Өлкөнүн борбордук тоолуу бөлүгүндө, Канди платосунда, Махавели- Ганг дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 118,2 миң (2008). Король Викрамабаху III 14-кылымда негиздеген. 1592-жылдан Цейлон (учурда Шри- Ланка) аралынын түштүк-батышын ж-а түндүгүн португалиялыктар басып алышкандан кийин көз каранды эмес Канди сингал мамлекетинин борбору. 1815-жылдагы келишим м-н Британия империясынын курамына киргенден борбор статусун жоготкон. Буддалардын ыйык шаарларынын бири. Шаардын борборунда 18 мунаралуу таш дубал (16-кылымдын аягы 17-кылымдын башы) м-н курчалган сингал салттуу архитектурасынын курулуштары сакталган Зуба храмы (16-кылымдын аягы –18-кылым), ошондой эле Натха-Дэвале (14-кылым), Вишну-Дэвале (18-кылым) храмдары, Асгирия-Вихара (14–17-кылымдар), Малватта-Вихара (16–18-кылымдар) будда монастырлары, Ыйык Павел собору. Шаардын борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Кандиден 5 км Пераденияда Азиядагы эң ири Король ботаникалык багы (1821; бөлмө өсүмдүктөрүнүн 750 түрү ж. б.) бар. Кандигеге жакын Хиндагала үңкүрүндө 5–7-кылымдарга таандык жазуулар бар. Кустардык кол өнөрчүлүк ж-а туризм өнүккөн.