КАН (суюк ткань): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАН 1 to КАН (суюк ткань)) |
(Айырма жок)
| |
03:30, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАН – жаныбар ж-а адамдын кан жүрүү системасында тынымсыз айлануучу, клеткалардын жашоосу үчүн түркүн кызматтардын аткарылуусун камсыз кылган суюк ткань. Ал кычкылтекти дем алуу органдарынан ткандарга, кандан көмүр кычкыл газын дем алуу органдарына, азык-заттарды (глюкоза, амин кислотасы, май кислотата, туз ж. б.) тамак сиңирүү органдарынан тканга, зат алмашуунун акыркы (керексиз) продуктуларын бөлүп чыгаруу органдарына ташыйт. Ошондой эле гормон, ферменттерди иштелип чыккан жеринен активдүү таасир этүүчү жерге жеткирет. Организмдердин ички чөйрөсүнүн, дене температурасынын туруктуулугун сактайт ж-а курамында антитело, антитоксин, лизиндин болушу ж-а ак кан денечелеринин микробду сиңирүүсүнүн натыйжасында коргонуу кызматын аткарат. Бир клеткалууларда ж-а көпчүлүк омурткасыздарда кычкылтек диффузия аркылуу денеге өтөт. Омурткасыздарда кан дем алуу пигментине жараша түссүз, көк ж-а кызыл болот. Омурткалуулардын каны кызыл болуп, плазма, эритроцит, тромбоциттен турат. Ар түрдүү жаныбарда кандын өлчөмү ар башка. Мисалы, тишсиз моллюскалардын гемолимфасы денесинин 30%ин, курт-кумурскалардыкы 20%ин, омурткалуулардыкы 2–8%ин, адам денесинин 6,8%ин түзөт. Кандын 55%и суюк бөлүктөн – плазмадан ж-а 43% андагы формалуу элементтерден турат. Кандын курамындагы элементтердин туруктуулугун нерв-гумордук механизмдер жөнгө салып турат. Организмдеги ар кандай өзгөрүүлөрдү кан сезет. Анын курамынын өзгөрүшү бир катар ооруларга диагноз коюуда мааниси чоң. К а н п л а з м а с ы н ы н 90%и тамак сиңирүү системасынан келген суу, 7–8%и белок ж-а ар түрдүү туздардан турат. Плазмада, ошондой эле азык-заттар (углевод, май ж. б.), витаминдер, гормондор, ферменттер ж. б. бар. Кандын формалуу элементтери – эритроциттер, лейкоциттер ж-а тромбоциттер.
Э р и т р о ц и т т е р – кызыл кан клеткалары. Организм м-н чөйрө ортосунда газ алмашууну, башкача айтканда организмдин дем алуусун ишке ашырат. Аларда темирлүү пигмент гемоглобин болуп, ал канга кызыл түс берет. Гемоглобин молекуласы белок – глобинден ж-а темири бар топ гемден турат. Дени сак организмде 1 мкл канда 4–5 млн эритроцит болот.
Анын санынын өтө азайышы, түзүлүшүнүн өзгөрүшү, гемоглобиндин төмөндөшү аз кандуулуктун мүнөздүү белгиси болуп эсептелет.
Л е й к о ц и т т е р – ак кан клеткалары. Алар активдүү кыймылда болуп, кан агымынан чыгып, клетка арасында жылып жүрө алат. Денеге бөтөн зат киргенде же ал жабыркаганда, лейкоциттер майда кан тамыр клеткаларынан чыгып, жабыркаган жерди көздөй жылып, коргоо кызматын аткарат. Лейкоциттин саны ар бир кишиде 1 мкл канда 4000–9000ге жетет. Андан ашып кетсе – лейкоцитоз, азайса лейкопения деп аталат.
Т р о м б о ц и т т е р – кан пластинкалары, ядросуз түзүлүш. Анын кан агууну токтотууда мааниси чоң. Кырсыкка учураган жерде кан уюп, акпай калат. Кан агууда, операциядан кийин коргонуу реакциясы катары тромбоциттердин саны көбөйөт. Кээ бир дарыны көтөрө албаганда, химиялык зат м-н ууланганда, тромбоциттердин саны азайышы мүмкүн. Мындай учурда кан агууну токтотуу кыйындайт.
Ад.: Чижевский А. Л. Структурный анализ движущейся крови. М. 1959; Семенов Н. В. Биохимические компоненты и константы жидких сред и тканей человека. М., 1971; Власов Ю. А., Окунева Г. Н. Кровообращение и газообмен человека. 2-е изд. Новосиб., 1992.
А. Раимжанов.