КАМЧАТКА (жарым арал): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАМЧА&#769;ТКА</b> – Азиянын түн.-чыгышындагы
<b type='title'>КАМЧА&#769;ТКА</b> – Азиянын түндүк-чыгышындагы жарым арал. Россиядагы аянты боюнча Таймыр&shy;дан кийинки 2-жарым арал. Батышынан Охо&shy;та деңизи, чыгышынан Тынч океан ж-а Беринг деңизи м-н чулганат. Түндүктөн, түндүк-чыгыштан түштүк- батышты карай 1200 <i>км</i> аралыкта созулуп жа&shy;тат. Туурасы 450 <i>км</i>ге чейин. Аянты 370 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Кууш (100 <i>км</i>ге чейин) Параполь мойногу аркылуу материк м-н туташат. Чыгыш жээги
жарым арал. Россиядагы аянты б-ча Таймыр&shy;дан кийинки 2-жарым арал. Батышынан Охо&shy;та деңизи, чыгышынан Тынч океан ж-а Беринг деңизи м-н чулганат. Түн., түн.-чыгыштан түш.- батышты карай 1200 <i>км</i> аралыкта созулуп жа&shy;тат. Туурасы 450 <i>км</i>ге чейин. Аянты 370 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Кууш (100 <i>км</i>ге чейин) Параполь мойногу аркылуу материк м-н туташат. Чыгыш жээги


[[File:КАМЧАТКА 152.png | thumb | Батыш Камчатка.]]
[[File:КАМЧАТКА 152.png | thumb | Батыш Камчатка.]]
булуң-буйткалуу (ири булуңдары: Кроноцкий, Камчатка, Корфа ж. б.), батышы тегизирээк. Жарым аралдын борб. бөлүгүндө жарыш жат&shy;кан кырка тоолор (Ортолук ж-а Чыгыш) созу&shy;луп жатат. Алардын аралыгында Борб. Кам&shy;чатка ойдуңу жайгашкан. Ойдуң аркылуу <i>Кам&shy;чатка</i> д. агат. К-да 160тан ашык жанар тоо бар, алардын аракеттегиси 29; а. и. Евразиядагы
булуң-буйткалуу (ири булуңдары: Кроноцкий, Камчатка, Корфа ж. б.), батышы тегизирээк. Жарым аралдын борбордук бөлүгүндө жарыш жат&shy;кан кырка тоолор (Ортолук ж-а Чыгыш) созу&shy;луп жатат. Алардын аралыгында Борбордук Кам&shy;чатка ойдуңу жайгашкан. Ойдуң аркылуу <i>Кам&shy;чатка</i> дарыясы агат. Камчаткада 160тан ашык жанар тоо бар, алардын аракеттегиси 29; анын ичинде Евразиядагы эң бийик жанар тоо – Ключи сопкасы (бийиктиги 4750 <i>м</i>). «Камчатканын жанар тоолору» <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирген. Ысык булактар көп, 100дөн ашык гейзер бар (эң ири&shy;лери Гейзерлер өрөөнүндө). Камчатка тектоникалык жактан альп бүктөлүшүнө кирет. Палеозой, мезозой ж-а кайнозой замандарынын геосинклиналдык комплекстери таралган. Көмүр, алтын, күмүш, сымап, полиметалл ж. б. кендери бар. Мине&shy;ралдык (көмүр кычкылдуу, азоттуу ж. б.), тер&shy;миялык (суусунун температурасы 100°Сге жеткен) суу булактарына (гейзерге, кайнар көлдөргө, бат&shy;кактуу жанар тоолорго ж. б.) бай, алар негизи&shy;нен Чыгыш кырка тоосунда жайгашкан. Кли&shy;маты түштүгүндө деңиздик, борборунда ж-а түндүгүндө мелүүн континенттик. Февралдын орточо температурасы батышында –15°С, чыгышында 11°С, борбордук бөлүгүндө –16°С; августтуку ошол эле тартипте 12°С, 12,5 ж-а 16°С. Жылдык жаан-чачыны 600дөн 1100 <i>мм</i>ге чейин. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 866 <i>км</i><sup>2</sup>. Ири дарыялары: Кам&shy;чатка, Авача, Чоң дарыя, Ича ж. б. Көлдөрү көп, алардын айрымдары кратерлерде (Хангар ж. б.) ж-а жанар тоо кальдераларында (Кроноц&shy;кий, Курил ж. б.) пайда болгон. Көп бөлүгүн чымдак-күл топурактуу кайың ж-а ийне жал&shy;бырактуу токой ээлейт; тоо капталдарына жа&shy;палак кедр, оёңдоруна шалбаа, түндүгүнө ма&shy;мык чөптүү тундра мүнөздүү. Кроноцкий коругу бар. Жарым арал – Россиянын балык өнөр жайынын негизги борборлорунун бири. Батыш жээги – краб кармалуучу негизги район. Камчатка дарыясы ар&shy;кылуу кеме каттайт. Негизги порттору: Петро&shy;павловск-Камчатский, Усть-Камчатск. Елизово шаарында эл аралык аэропорт бар.
эң бийик жанар тоо – Ключи сопкасы (бийикт.
4750 <i>м</i>). «Камчатканын жанар тоолору» <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирген. Ысык булактар көп, 100дөн ашык гейзер бар (эң ири&shy;лери Гейзерлер өрөөнүндө). К. тектон. жактан альп бүктөлүшүнө кирет. Палеозой, мезозой ж-а кайнозой замандарынын геосинклиналдык комплекстери таралган. Көмүр, алтын, күмүш, сымап, полиметалл ж. б. кендери бар. Мине&shy;ралдык (көмүр кычкылдуу, азоттуу ж. б.), тер&shy;миялык (суусунун темп-расы 100°Сге жеткен) суу булактарына (гейзерге, кайнар көлдөргө, бат&shy;кактуу жанартоолорго ж. б.) бай, алар негизи&shy;нен Чыгыш кырка тоосунда жайгашкан. Кли&shy;маты түштүгүндө деңиздик, борборунда ж-а түндүгүндө мелүүн континенттик. Февралдын
орт. темп-расы батышында –15°С, чыгышында
11°С, борб бөлүгүндө –16°С; августтуку ошол эле
тартипте 12°С, 12,5 ж-а 16°С. Жылдык жаан-


чачыны 600дөн 1100 <i>мм</i>ге чейин. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 866 <i>км</i><sup>2</sup>. Ири дарыялары: Кам&shy;чатка, Авача, Чоң дарыя, Ича ж. б. Көлдөрү көп, алардын айрымдары кратерлерде (Хангар ж. б.) ж-а жанартоо кальдераларында (Кроноц&shy;кий, Курил ж. б.) пайда болгон. Көп бөлүгүн
чымдак-күл топурактуу кайың ж-а ийне жал&shy;бырактуу токой ээлейт; тоо капталдарына жа&shy;палак кедр, оёңдоруна шалбаа, түндүгүнө ма&shy;мык чөптүү тундра мүнөздүү. Кроноцкий коругу
бар. Жарым арал – Россиянын балык ө. ж-нын
негизги борборлорунун бири. Батыш жээги –
краб кармалуучу негизги район. Камчатка д. ар&shy;кылуу кеме каттайт. Негизги порттору: Петро&shy;павловск-Камчатский, Усть-Камчатск. Елизово ш-нда эл аралык аэропорт бар.


 
Ад.: <i>Кащинцев Б.</i> Камчатка сегодня и завтра. Пет&shy;ропавловск-Камчатский, 1970; <i>Мильков Ф. Н., Гво&shy;зоецкий Н. А., Михайлов Н. Н.</i> Физическая география СССР. Ч. 1–2. М., 1969–70; Развитие возобновляемых источников энергии в России: возможности и практика (на примере Камчатской области). М., 2006; Кам&shy;чатский край // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Ад.: <i>Кащинцев Б.</i> Камчатка сегодня и завтра. Пет&shy;ропавловск-Камчатский, 1970; <i>Мильков Ф. Н., Гво&shy;зоецкий Н. А., Михайлов Н. Н.</i> Физическая география
СССР. Ч. 1–2. М., 1969–70; Развитие возобновляемых
источников энергии в России: возможности и практика (на примере Камчатской области). М., 2006; Кам&shy;чатский край // Большая Российская энциклопедия.<br>
Т. 12. М., 2008.
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]

09:14, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАМЧА́ТКА – Азиянын түндүк-чыгышындагы жарым арал. Россиядагы аянты боюнча Таймыр­дан кийинки 2-жарым арал. Батышынан Охо­та деңизи, чыгышынан Тынч океан ж-а Беринг деңизи м-н чулганат. Түндүктөн, түндүк-чыгыштан түштүк- батышты карай 1200 км аралыкта созулуп жа­тат. Туурасы 450 кмге чейин. Аянты 370 миң км2. Кууш (100 кмге чейин) Параполь мойногу аркылуу материк м-н туташат. Чыгыш жээги

Батыш Камчатка.

булуң-буйткалуу (ири булуңдары: Кроноцкий, Камчатка, Корфа ж. б.), батышы тегизирээк. Жарым аралдын борбордук бөлүгүндө жарыш жат­кан кырка тоолор (Ортолук ж-а Чыгыш) созу­луп жатат. Алардын аралыгында Борбордук Кам­чатка ойдуңу жайгашкан. Ойдуң аркылуу Кам­чатка дарыясы агат. Камчаткада 160тан ашык жанар тоо бар, алардын аракеттегиси 29; анын ичинде Евразиядагы эң бийик жанар тоо – Ключи сопкасы (бийиктиги 4750 м). «Камчатканын жанар тоолору» Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ысык булактар көп, 100дөн ашык гейзер бар (эң ири­лери Гейзерлер өрөөнүндө). Камчатка тектоникалык жактан альп бүктөлүшүнө кирет. Палеозой, мезозой ж-а кайнозой замандарынын геосинклиналдык комплекстери таралган. Көмүр, алтын, күмүш, сымап, полиметалл ж. б. кендери бар. Мине­ралдык (көмүр кычкылдуу, азоттуу ж. б.), тер­миялык (суусунун температурасы 100°Сге жеткен) суу булактарына (гейзерге, кайнар көлдөргө, бат­кактуу жанар тоолорго ж. б.) бай, алар негизи­нен Чыгыш кырка тоосунда жайгашкан. Кли­маты түштүгүндө деңиздик, борборунда ж-а түндүгүндө мелүүн континенттик. Февралдын орточо температурасы батышында –15°С, чыгышында 11°С, борбордук бөлүгүндө –16°С; августтуку ошол эле тартипте 12°С, 12,5 ж-а 16°С. Жылдык жаан-чачыны 600дөн 1100 ммге чейин. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 866 км2. Ири дарыялары: Кам­чатка, Авача, Чоң дарыя, Ича ж. б. Көлдөрү көп, алардын айрымдары кратерлерде (Хангар ж. б.) ж-а жанар тоо кальдераларында (Кроноц­кий, Курил ж. б.) пайда болгон. Көп бөлүгүн чымдак-күл топурактуу кайың ж-а ийне жал­бырактуу токой ээлейт; тоо капталдарына жа­палак кедр, оёңдоруна шалбаа, түндүгүнө ма­мык чөптүү тундра мүнөздүү. Кроноцкий коругу бар. Жарым арал – Россиянын балык өнөр жайынын негизги борборлорунун бири. Батыш жээги – краб кармалуучу негизги район. Камчатка дарыясы ар­кылуу кеме каттайт. Негизги порттору: Петро­павловск-Камчатский, Усть-Камчатск. Елизово шаарында эл аралык аэропорт бар.


Ад.: Кащинцев Б. Камчатка сегодня и завтра. Пет­ропавловск-Камчатский, 1970; Мильков Ф. Н., Гво­зоецкий Н. А., Михайлов Н. Н. Физическая география СССР. Ч. 1–2. М., 1969–70; Развитие возобновляемых источников энергии в России: возможности и практика (на примере Камчатской области). М., 2006; Кам­чатский край // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.