КАМАЛОВ Асан: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page КАМАЛОВ 1 to КАМАЛОВ Асан)
(Айырма жок)

10:29, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАМАЛОВ Асан (1929, Ка­зак ССРи, Түштүк Казакстан облусу, Чымкент шаары – 1989, Чүй облусу, Сокулук району, Кы­зыл-Туу айылы) – айыл чарба өндү­рүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971).

Москва ветеринария академиясын бүтүргөн (1955). Кыргыз ССРинин Киров (азыркы Кара-Буура) районундагы С. М. Киров атындагы колхоздун башкы зоотехниги, 1962-жылдан партиялык уюмунун секретары. 1964–72-жылдарда Талас обл­усунун Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) районун­дагы «Победа» колхозунун башкармасы болуп иштеген. Ал жетектеген колхоз ар тараптан өнүгүп, ири чарбалардын бирине айланган. 1973-жылдан Кыргызстан КП Калинин райкомунун 1-секретары, 1982-жылдан Талас облаткомунун төрагасынын орун басары, 1985–89-жылдарда Сокулук районундагы «Путь коммунизма» колхозунун баш­кармасы. 1975–80-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин депутаты. Ленин, «Ардак Белгиси» орден­дери м-н сыйланган.