КАЛЬКА (башка тилдеги сөздүн которулуп алынышы): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

07:38, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КА́ЛЬКА – башка тилдеги сөздүн, туруктуу сөз айкашынын жасалыш үлгүсүнө ылайыкталып, экинчи бир тилге которулуп алынышы же сөздүн да ошондой мааниге ээ болушу. Кальканын лексикалык, фразеологиялык, семантикалык деген үч түрү бар. Сөздүн жасалышы боюнча кандай бөлүктөрдөн, морфемалардан турганына карай которулуп алынышы л е к с и к а л ы к (мисалы: красный уголок – кызыл бурч), туруктуу сөз айкашынын сөзмө-сөз которулуп алынышы ф р а з е о л о г и я л ы к (мисалы: крылатая мысль – эркин ой), айрым (тике) маанилери боюнча дал келген сөздүн дал келбеген (көбүнчө өтмө) маа­нисине окшоштурулуп, экинчи тилдеги сөздүн да ошондой мааниге ээ болушу с е м а н т и к а­л ы к калька (мисалы: член – мүчө жана башка ) болот.