ГОНДВАНА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГОНДВА́НА ''' (Индиянын Гонд уруусу | '''ГОНДВА́НА ''' (Индиянын Гонд уруусу менен Вана табигый аймагынын атынан) – орто жана жогорку палеозойдо, ошондой эле алгачкы мезозойдо Түштүк жарым шарда орун алган гипотезалык зор материк. Австриялык геолог Э. Зюсс (1831–1914) карбонпермдеги суперматерикти да Гондвана деп атаган. Ага Түштүк Американын басымдуу бөлүгү (Анд тоолорунун чыгышы), Африка (Атлас тоолорунан тышкары), Арабстан, Индстан жарым аралдары (Гималай тоолорунан түштүгүрөөк жайгашкан аймак), Австралия (Чыгыш кырка тоолорунун батышы) жана Антарктида кирип, зор материкти түзгөн. Гондвана палеозойдун аягында, триаста жана юрада болгон трансгрессиянын негизинде (Инди океаны аркылуу) Түштүк жарым шардагы материктерге ажыраган. Гондвананын болгондугун карбон мезгилиндеги муз каптоонун калдыктары – корумдары (тиллит тоо тектери), флювий-гляциалдык (муз-суудагы) шагылдар, ошондой эле алардын арасында катып калган өсүмдүктөрдүн түрлөрү – глоссоптериялык флора, пермь мезгилинин фаунасы ж. б. далилдеп турат. Акыркы мезгилдеги глобалдык тектоникалык кыймылдар да Гондвананын болгонун айгинелейт. Гондвананын Түндүк Жарым шардагы антиподу – ''Лавразия.'' | ||
''К. Сагындыков.'' | ''К. Сагындыков.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:14, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГОНДВА́НА (Индиянын Гонд уруусу менен Вана табигый аймагынын атынан) – орто жана жогорку палеозойдо, ошондой эле алгачкы мезозойдо Түштүк жарым шарда орун алган гипотезалык зор материк. Австриялык геолог Э. Зюсс (1831–1914) карбонпермдеги суперматерикти да Гондвана деп атаган. Ага Түштүк Американын басымдуу бөлүгү (Анд тоолорунун чыгышы), Африка (Атлас тоолорунан тышкары), Арабстан, Индстан жарым аралдары (Гималай тоолорунан түштүгүрөөк жайгашкан аймак), Австралия (Чыгыш кырка тоолорунун батышы) жана Антарктида кирип, зор материкти түзгөн. Гондвана палеозойдун аягында, триаста жана юрада болгон трансгрессиянын негизинде (Инди океаны аркылуу) Түштүк жарым шардагы материктерге ажыраган. Гондвананын болгондугун карбон мезгилиндеги муз каптоонун калдыктары – корумдары (тиллит тоо тектери), флювий-гляциалдык (муз-суудагы) шагылдар, ошондой эле алардын арасында катып калган өсүмдүктөрдүн түрлөрү – глоссоптериялык флора, пермь мезгилинин фаунасы ж. б. далилдеп турат. Акыркы мезгилдеги глобалдык тектоникалык кыймылдар да Гондвананын болгонун айгинелейт. Гондвананын Түндүк Жарым шардагы антиподу – Лавразия.
К. Сагындыков.