КАРАЧАЙЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАЧАЙЛАР</b> (өздөрүн карачайлыла деп ата­шат) – Карачай-Черкестин | <b type='title'>КАРАЧАЙЛАР</b> (өздөрүн карачайлыла деп ата­шат) – Карачай-Черкестин жергиликтүү калкы. Россия Федерациясы, Орто Азия (анын ичинде Кыргызстанда – (2200), Казакстан, Түркия, Египет, Сирия, Америка Кошмо Штаттарында да жашашат. Жалпы саны 300 миң киши, анын ичинде 169, 2 миңи Карачай-Черкесте (2002). Карачай-балкар тилин­де сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-­сунниттер. Карачай элинин калыптануусуна (XIII–XIV кылымдар) жергиликтүү тоолуктар, аландар, кыпчактар, булгарлар катышкан. 1828-жылы Россиянын кура­мына кирген. 1920-жылы Карачай округу, 1922-жылы Карачай-Черкес автономдук облусу, 1926-жылы Карачай автономдук облусу тү­зүлгөн, бирок 1943-жылы Карачай автономдук облусу жоюлуп, карачайлар күч менен өлкөнүн чыгыш аймактарына көчүрүлгөн. | ||
Түркия, Египет, Сирия, | |||
[[File:КАРАЧАЙЛАР48.png | thumb | none]] | [[File:КАРАЧАЙЛАР48.png | thumb | none]] | ||
1957-жылы гана Карачай-Черкес автономдук облусу ка­лыбына келтирилип, карачайлар кайрадан мекенине кай­тып келишкен. 1991-жылы Карачай-Черкес республикасы түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Эркектери көйнөк, ыштан, беш­мант, черкеска, кой терисинен тигилген тон, башлык, папах кийишип, белдерине кур кур­чанып, бычак, канжар тагынышкан. Аялдары жеңи узун, кенен тигилген туника сыяктуу жибек көйнөк, узун шаровар, кооздолуп жасал­ган баш кийим кийип, үстүнөн жоолук салын­ган. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыкта­ры. Суусундук катары чай, айран, майрам күндөрү бозо, сыра кеңири колдонулат. | |||
түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал | |||
чарбачылык. Эркектери көйнөк, ыштан, беш­мант, черкеска, кой терисинен тигилген тон, башлык, папах кийишип, белдерине кур кур­чанып, бычак, канжар тагынышкан. Аялдары жеңи узун, кенен тигилген туника сыяктуу жибек көйнөк, узун шаровар, кооздолуп жасал­ган баш кийим кийип, үстүнөн жоолук салын­ган. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыкта­ры. Суусундук катары чай, айран, майрам күндөрү бозо, | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
08:45, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРАЧАЙЛАР (өздөрүн карачайлыла деп аташат) – Карачай-Черкестин жергиликтүү калкы. Россия Федерациясы, Орто Азия (анын ичинде Кыргызстанда – (2200), Казакстан, Түркия, Египет, Сирия, Америка Кошмо Штаттарында да жашашат. Жалпы саны 300 миң киши, анын ичинде 169, 2 миңи Карачай-Черкесте (2002). Карачай-балкар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-сунниттер. Карачай элинин калыптануусуна (XIII–XIV кылымдар) жергиликтүү тоолуктар, аландар, кыпчактар, булгарлар катышкан. 1828-жылы Россиянын курамына кирген. 1920-жылы Карачай округу, 1922-жылы Карачай-Черкес автономдук облусу, 1926-жылы Карачай автономдук облусу түзүлгөн, бирок 1943-жылы Карачай автономдук облусу жоюлуп, карачайлар күч менен өлкөнүн чыгыш аймактарына көчүрүлгөн.

1957-жылы гана Карачай-Черкес автономдук облусу калыбына келтирилип, карачайлар кайрадан мекенине кайтып келишкен. 1991-жылы Карачай-Черкес республикасы түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Эркектери көйнөк, ыштан, бешмант, черкеска, кой терисинен тигилген тон, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанып, бычак, канжар тагынышкан. Аялдары жеңи узун, кенен тигилген туника сыяктуу жибек көйнөк, узун шаровар, кооздолуп жасалган баш кийим кийип, үстүнөн жоолук салынган. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыктары. Суусундук катары чай, айран, майрам күндөрү бозо, сыра кеңири колдонулат.