ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК КАРТА ТҮЗҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК КА&#769;РТА ТҮЗҮҮ – ''' аймактын геоэкологиялык шартын изилдеп ж-а анын картографиялык моделин түзүү боюнча талаа, лабораториялык ж-а камералык иштердин жыйындысы. Геоэкологиялык шартка адамзаттын ден соолугуна таасир тийгизүүчү табигый чөйрөнүн мүнөзү ж-а касиеттери, чарбалык системанын иштөөсү, биоценоздордун абалы ж-а алардын техногендик таасирге туруктуулугу кирет. Геоэкологиялык карта түзүү табигый чөйрөнү коргоо ж-а аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды негиздейт. Геоэкологиялык карта түзүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл: 1) табигый чөйрөнүн касиеттерин изилдөө, алардын мейкиндик боюнча өзгөрүү закон ченемин аныктоо, жалпы мүнөздөмөсүн алуу, табигый абалын типтештирүү; 2) геосистемалардын табигый ж-а техногендик таасирлерге реакциясын, алардын таасиринен геологиялык, геофизикалык, геохимиялык процесстердин өнүгүү закон ченемдүүлүгүн изилдөө, экологиялык ж-а инженердик тобокелдикке баа берүү; 3) техногендик таасирдин булактарын аныктоо ж-а аларга экологиялык мүнөздөмө берүү м-н табигат чөйрөсүнүн өзгөрүү мүнөзүн ж-а масштабын аныктоо; 4) учурдагы табигый чөйрөнүн абалына баа берүү, техногендик таасирден анын өзгөрүү деӊгээлин, экологиялык кырдаалды ж-а экологиялык абалдын өнүгүү тенденциясын аныктоо. <br/>''Р. Осмонбекова.''
'''ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК КА&#769;РТА ТҮЗҮҮ – ''' аймактын геоэкологиялык шартын изилдеп жана анын картографиялык моделин түзүү боюнча талаа, лабораториялык жана камералык иштердин жыйындысы. Геоэкологиялык шартка адамзаттын ден соолугуна таасир тийгизүүчү табигый чөйрөнүн мүнөзү жана касиеттери, чарбалык системанын иштөөсү, биоценоздордун абалы жана алардын техногендик таасирге туруктуулугу кирет. Геоэкологиялык карта түзүү табигый чөйрөнү коргоо жана аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды негиздейт. Геоэкологиялык карта түзүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл: 1) табигый чөйрөнүн касиеттерин изилдөө, алардын мейкиндик боюнча өзгөрүү закон ченемин аныктоо, жалпы мүнөздөмөсүн алуу, табигый абалын типтештирүү; 2) геосистемалардын табигый жана техногендик таасирлерге реакциясын, алардын таасиринен геологиялык, геофизикалык, геохимиялык процесстердин өнүгүү закон ченемдүүлүгүн изилдөө, экологиялык жана инженердик тобокелдикке баа берүү; 3) техногендик таасирдин булактарын аныктоо жана аларга экологиялык мүнөздөмө берүү менен табигат чөйрөсүнүн өзгөрүү мүнөзүн жана масштабын аныктоо; 4) учурдагы табигый чөйрөнүн абалына баа берүү, техногендик таасирден анын өзгөрүү деӊгээлин, экологиялык кырдаалды жана экологиялык абалдын өнүгүү тенденциясын аныктоо. <br/>''Р. Осмонбекова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:54, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ – аймактын геоэкологиялык шартын изилдеп жана анын картографиялык моделин түзүү боюнча талаа, лабораториялык жана камералык иштердин жыйындысы. Геоэкологиялык шартка адамзаттын ден соолугуна таасир тийгизүүчү табигый чөйрөнүн мүнөзү жана касиеттери, чарбалык системанын иштөөсү, биоценоздордун абалы жана алардын техногендик таасирге туруктуулугу кирет. Геоэкологиялык карта түзүү табигый чөйрөнү коргоо жана аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды негиздейт. Геоэкологиялык карта түзүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл: 1) табигый чөйрөнүн касиеттерин изилдөө, алардын мейкиндик боюнча өзгөрүү закон ченемин аныктоо, жалпы мүнөздөмөсүн алуу, табигый абалын типтештирүү; 2) геосистемалардын табигый жана техногендик таасирлерге реакциясын, алардын таасиринен геологиялык, геофизикалык, геохимиялык процесстердин өнүгүү закон ченемдүүлүгүн изилдөө, экологиялык жана инженердик тобокелдикке баа берүү; 3) техногендик таасирдин булактарын аныктоо жана аларга экологиялык мүнөздөмө берүү менен табигат чөйрөсүнүн өзгөрүү мүнөзүн жана масштабын аныктоо; 4) учурдагы табигый чөйрөнүн абалына баа берүү, техногендик таасирден анын өзгөрүү деӊгээлин, экологиялык кырдаалды жана экологиялык абалдын өнүгүү тенденциясын аныктоо.
Р. Осмонбекова.